
Лазардын тирилиши
Ыйык Китеп, Жакан, 11-бөлүм, 1-45-аяттар
Бетаниялык Марта менен Мариямдын байкеси Лазар катуу ооруп калды. Эже-сиңдилер аны өлүп калабы деп коркушкандыктан, Ыйсага бирөөнү жиберишти:
- Теңир! Сенин досуң катуу ооруп жатат.
Теңир ал ким жөнүндө айтып жатканын билген, бирок тынчсызданган жок. Ал мындай деди:
– Бул оору өлүмгө эмес, Кудайдын даңкына!
Ал Лазардын ооруп жатканын укса да, жүргөн жеринде дагы эки күн болду, анан мындай деди:
- Жүргүлө! Досубуз Лазар уктап калды, бирок Мен барып, аны ойготом!
Шакирттери олку-солку болуп жатканда, Ыйса мындай деди:
- Лазар өлүп калды! Силер үчүн кубанып жатам. Силердин ишенип калышыңар үчүн, Менин ал жакта болбогонум жакшы болду. Жүргүлө, ага баралы!
Ал айылда эл аябай көп экен, анткени көбү Марта менен Мариямга көңүл айтуу үчүн Иерусалимден бери келишкен болчу.
Марта Ыйсанын келе жатканын укканда, алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо үйдө калды.
Марта Ыйсага жолукканда:
- Теңир! Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес. Бирок мен азыр да билем, Сен Кудайдан эмне сурасаң да, Кудай Сага берет!
Ыйса:
Бир тууганың тирилет! – деп жооп берди.
Акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган күнү тирилерин билем, - деди Марта.
Ыйса мындай деди:
"Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?"
Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машаяк Сен экендигиңе ишенем, - деп жооп берип, бир тууганы Мариямга Ыйса келгенин жана аны күтүп жатканын кабарлаш үчүн жүгүрүп кетти.
Эжесинин сөзүн угары менен, Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү. Ал Анын бутуна жыгылып, катуу ыйлады. Ыйса бардыгынын ыйлаганын көрүп, жүрөгү сыздап, маркумду кайсыл жерге коюшканын сурады. Ага Лазардын сөөгү коюлган жерди көрсөтүштү. Ыйса жакын келип, ыйлап жиберди, анан Лазар жаткан үңкүрдүн кире беришиндеги ташты алып салууну буйруду. Бир нече киши ташты четке жылдырышты. Теңир көздөрүн асманга көтөрүп:
- Ата, Мени уккандыгың үчүн, Сага ыраазымын!
Ошондон кийин катуу үн менен чакырды:
- Лазар, чык!
Анан укмуштуу нерсе болду! Колу-бутунан бери кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле.
Ыйса мындай деп айтты:
- Анын кепинин чечкиле, бассын!
Бул улуу кереметти көргөн көптөгөн жүйүттөр Ыйса Теңирге ишенип калышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйсаны тосуп алуу үчүн эже-сиңдилердин кимиси чыкты? Ал эмне деди?
Теңир: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн» деген сөзү эмнени билдирет?
Керемет кандайча болгон?