Ыйсанын балдарга бата бериши

Ыйсанын балдарга бата бериши

Ыйык Китеп, Лука, 18-бөлүм, 15-17-аяттар

Бул окуя, көп адамдар Ыйсаны курчап алган күндөрдүн биринде болгон. Ыйса чогулган элге Кудай жана Анын Падышалыгы жөнүндө айтып жатты. Фарисейлер менен мыйзам окутуучулардын атайлап куулук менен берген суроолоруна чыдамдуулук менен жооп берип, дагы көптөгөн оорулууларды айыктырып жатты. Ошол күнү аябай көп эл чогулуп калган эле. Бир маалда, балдарын ээрчиткен эркектер менен аялдар Ыйсага келишти.

Бир аз күтө тургула, — деди Ыйсанын жанындагыларынын бири,

кайда баратасыңар?

- Ыйсага, - деп жооп берди бир аял, - балдарыбызга батасын берсин.

- Балдар дейсинерби! – деди тургандардан бирөө кемсинте. - Ыйсанын балдардан башка маанилүү иши калбай калгансып! Оорулуулар күтүп жатканын көрбөй элесиңерби? Силер Кудайдын Падышалыгы жөнүндө олуттуу жана маанилүү нерселерди айтып жатканын укпай жатасыңарбы? Силер болсо кичинекей балдарыңар менен, жада калса эч нерсени түшүнбөгөн наристелер менен келиптирсиңер!

- Балдарга бардык нерсени түшүнүүнүн кажети жок, болгону Кудай аларды сүйөрүн түшүнүшсө эле болду. Ошондуктан, мен Ыйсадан сурайын дегем...

- Эми Ал Өзүнүн алтындай убактысын кичинекей балдарга коротпойт да?!

- Суранабыз, бизди өткөрүп жибергилечи!

Бир маалда ачууга алдырып сүйлөшө башташканда, Ыйса аларга көңүл буруп:

- Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы – деди.

Шакирттери Ыйсаны таң калып карап калышты. Ата-энелер балдары менен сүйүнгөн бойдон жыш элдин арасынан Ыйсага келишти. Ал эми Ыйсанын шакирттери, эч нерсе түшүнбөй калгандыктан, эмне болорун көрүш үчүн жакын келишти.

Ыйса аларга кайрылып, мындай деди:

- Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт. Кудайдын сүйүүсүн ким балдар сыяктуу ишеним менен кабыл албаса, ал Асман Падышачылыгынын мураскору болбойт.

Ошону айтып бүткөндөн кийин, Ыйса кичинекей балдарды колуна бирден алып батасын берди, ал эми кичине чоң балдарга колун коюп батасын берди.

Талкуулоо үчүн суроолор

2 суроо
  1. Эмнеге шакирттер балдарды Ыйсага өткөзбөй жатышты?

  2. Асман Падышачылыгы балдарга таандык деп айтканда, Теңир эмнени айткысы келген?

75. Ыйсанын балдарга бата бериши00:00 / 02:26