Адашкан уул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

Адашкан уул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

Ыйык Китеп, Лука, 15-бөлүм, 11-32-аяттар

Дагы бир үлгү-насаат аңгемени Ыйса мыйзам окутуучуларга айтып берди. Бир кишинин эки уулу бар эле. Алар чоңоюп, атасына чарба иштерин жүргүзүүгө жардам бере башташкан.

Улуусу дайыма эле көңүлдөнүп болбосо дагы, чынында атасына жардам берчү. Ал эми кичүүсү менен төмөнкү окуя болду. Ал атасынын айткан насааттарын дайыма уга берүүдөн тажады. Анан ал ары ойлонуп, бери ойлонуп, мындан көрө өз алдымча болгонум жакшы деп чечти.

Анан бир күнү атасына келип:

- Ата, сен өлгөндө, сенин уулуң катары мурастын мага тиешелүү энчимди алышым керек эле. Бирок мен сенин өлүмүңдү күтүп жүрө бермек белем, өзүмдүн жыргалчылыгым үчүн жашаганга убактым бар кезде, үлүшүмдү азыр эле алайын. Эртеби-кечпи, сенин мүлкүңдүн бир бөлүгү меники болот да.

Бул сөздөрдү угуп, атасы абдан кейиди. Баласы акчаны алары менен, үйдөн чыгып кетерин билген. Бирок ал уулунун чечимине каршы болбой, аны калууга мажбурлаган жок. Ошондуктан, кенжесинин энчисин бөлүп берди.

Көп узабай, кичүү уулу алыскы өлкөгө кетти, ал жерден кымбат турак-жай алып, кымбат баалуу кийим-кече сатып алып, чоң өлчөмдөгү акчасынын баарын тамак-ашка жана көңүл ачууга коротту.

Бат эле айланадагылар анын бай жана мактанчаак экенин байкашты. Ошондо, аны дайыма айланчыктап жүргөн балдар жана кыздар пайда боло калды. Анткени чоочун чет өлкөлүк бардык чыгымдарды өзү төлөй берчү. Жаш жигит досторду таптым деп ойлогон. Бирок алар анын чыныгы достору эмес эле, алар анын акчасына кызыгышчу.

Мындай жашоо жигитке чоң ырахат алып келди. Ал саякаттап, көптөгөн көңүл ачуучу жерлерди кыдырып, сайрандап, оюна келген бардык каалоосун канааттандырды.

Өз атасынын үйүн эстеген жок. Бекерчилик жашоо ушунчалык өзүнө тартып кеткендиктен, акчасы күн сайын азайып жатканын байкаган эмес.

Ошентип, бир күнү, көп коноктор келген кымбат тойдо, төлөөгө убакыт келип, акчасы жетишсиз экенин түшүндү.

- Менин акчам түгөнүп калды – деди ал, - силер мага жардам беришиңер керек! Силер менин досторумсуңар да! – деп кайрылды.

- Досторумсуңар? – деп коёсуң да.

– Конокторду чакырып алып, анан төлөй албагандар менен биз дос эмеспиз. Жакшы кал! Бул сөздөр менен алар аны таштап кетишти.

Ал эми жаш жигит акыркы акчасын мекеменин ээсине берүүгө аргасыз болду, ошенткенден кийин ал аны кубалап чыкты. Ушундай абалда жигит көчөдө калды да, бат эле муктаждык эмне экенин түшүндү. Анысы да аз келгенсип, бул өлкөдө катуу ачарчылык башталды. Ошондуктан, эч ким кичинекей тамак- ашы менен да бөлүшкүсү келген жок. Ал өзүнө жумуш да таба албады.

Узак издөөлөрдөн кийин, акысы аз болсо да, бирөөнүн чочколорун кайтаруучу болуп жумушка орношуп алды. Мурда жаш жигит мындай иш жөнүндө сөз кылууну да уят катары көрчү, бирок азыр текеберденгенге шарт жок. Курсагы ачкалыктан курулдап жатты. Ал кубаныч менен чочконун акырындагыны да жемек, бирок кожоюн ага мындай кылууга тыюу салды. Мына эми, ал чочколордун арасында кир, жыртык кийимчен, ачка жана кемсинтилип отурат. Көп убакыттан бери биринчи жолу, жаш жигит өз атасынын үйүн эстеди.

«Эмне деген акылсыздык, — деп ойлоду ал. – Үйдө эле калсам кана! Атамдын үйүндө иштеген ар бир жалчы, менден жакшыраак жашайт».

«Мен эмне кылышты билем - деп күтүлбөгөн жерден чечимге келди.

- Мен үйгө барам. Албетте, мени атам уулундай жылуу кабыл алат деп, күтө албайм. Анын мага болгон аталык мээримин таптакыр жоготтум болуш керек. Балким, ал мага боору ооруп, кадимки эле эмгек акыга жалчы катары, мага аныкында иштегенге уруксат берер?».

Үйгө барчу жол чексиз узун сезилди. Мына, алыстан атасынын үйүн көрдү. Жаш жигит токтоп калды.

Жолдун акыркы бөлүгүнө басууга дээрлик эч кандай күчү жетпей калды, анын үстүнө, ал кайраттуулук менен атасынын алдында тура алам деп өзүнө ишене албады...

Бир маалда, аны көздөй чуркап келе жаткан бир кишини байкады. Көздөрүн жүлжүйтүп, алысты тиктеп карап калды. Бул анын атасы эле!

Карыган атасы колун булгалап, толкунданып, кубанычтуу үн менен бир нерсе деп кыйкырып жатты. Анын кайтып келишине атасы чын эле кубанып жатабы? Ал буга ишене алган жок.

Атасы ага ачууланбай элеби, ал аны дагы деле сүйөбү?!

Атасы жакындаганда, уулунун көзүнөн жаш куюлуп, акырын

шыбырады:

Ата, мен сенин алдыңда абдан күнөөлүүмүн. Мен күнөө кылдым, эми уулуң деп аталганга татыксызмын. Кечир мени. Сенин үйүңдө калып, кулуң болгонго уруксат эт. Сенин алдыңдагы күнөөлөрүмдөн кичине болсо да акталыш үчүн, эң оор жумушту кылууга даярмын. Атасы уулун бекем кучактап, бооруна кысып, өпкүлөдү. Анан экөө тең үйдү көздөй басышты. Анан атасы кызматчыларына буйрук берди: "Менин уулума эң жакшы кийимдерден алып келгиле жана бордолгон музоону сойгула! Бизде майрамдоого чоң себеп бар! Менин уулум өлүп, кайра тирилди, дайынсыз жоголгон эле, эми табылды"!

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Ыйса фарисейлерге кандай окуяны айтып берди?

  2. Бул аңгемеден кандай сабак алса болот?

  3. Бул аңгемеде атасы менен кичүү уулу бизге кимди эске салат?

74. Адашкан уул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме00:00 / 06:18