
Жоголгон кой жөнүндө үлгү-насаат аңгеме
Ыйык Китеп, Лука, 15-бөлүм, 3-7-аяттар
Бир күнү Ыйса мыйзам окутуучулар менен фарисейлерге төмөнкү окуяны айтып берди.
Бир койчу бар эле, ал койлорун аябай жакшы карачу. Анын жүздөй кою бар болгондуктан, бири да бөлүнүп калып, жоголуп кетпесин деп, кылдаттык менен кайтарчу. Ооба, ал жакшы койчу болчу, өзүнүн койлорун жакшы көрүп, узак күндүн аягында короого ток жана аман-эсен кайтып келиш үчүн бардык күч аракетин жасаган. Бирок бир жолу кечинде койлорун санаганда, жүз койдон бирөө жок болуп чыкты.
Койчу кайра санады – кайра эле токсон тогуз чыкты! Демек, бир кой бөлүнүп калып - жарга түшүп кеттиби, же карышкырга жем болдубу? Эмнеси болсо да аны табыш керек!
Койчу койлорду дагы бир жолу карап чыкты, анан бир кичинекей козу — мурдунда кара тагы бар козу жок экенин байкады.
Ал сарайдын эшиги бекем жаап коюп, козуну издегени жөнөдү. Арийне, токсон тогуз кой кароосуз калганын ойлоп алып кайгырып жатты, бирок, убакыт өтө аз эле, анткени кичинекей козунун жашоосу ар бир мүнөт сайын өлүм коркунучунун астында эле.
Ал ушунча сар-санаа болуп, тез чуркагандыктан, тоого жеткенче аябай чарчап калган. Бирок эс алууга али эрте эле – анткени жаңы эле издеп баштабадыбы!
Маал-маалы менен ал катуу үн менен жоголгон козуну чакырды, анан анын маараганы угулат бекен деп кунт коюп тыңшады. Бирок, адырлардан өз үнүнүн жаңырыгы гана угулуп жатты...
Жардан кулап кетпесе экен! Улам өйдөлөгөн сайын, койчу козуну кайра-кайра чакырып жатты.
- Бэ-э-э-э! – капыстан араң чыккан үн угулду.
Ансыз деле чуркагандан улам тез согуп жаткан койчунун жүрөгү, кубанычтан көкүрөгүнөн секирип чыгып кете жаздады. Анын козусу тирүү экен!
Ал добуш чыгып жаткан тарапка шашыла басты да, жоголгон козусун тапты! Жаныбар асканын ортосунан чыгып турган кичинекей түз жерде экен, ал эч жакка жыла албай камалып калыптыр.
Козуга бара турган жол бар бекен деп, койчу туңгуюктун ылдый жагын карады.
Кооптуу жол экен, бирок барса болот, - деп жыйынтык чыгарды.
Койчу этияттык менен ылдый түшүп, козусун мойнуна көтөрүп алып, абайлап кайра өйдө чыга баштады. Ал кандай гана бактылуу! Ал эми козу да койчунун мойнун бекем кучактап жатып алганына караганда, ал да куткарылганына кубанганын божомолдоого болот эле.
– Кудай да ушул сыяктуу, Андан алыстап кеткен адамдарды издейт, — деп Ыйса өзүнүн окуясын аяктады.
- Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле “Тобо кылууга муктаж эмеспиз” деген токсон тогуз “адил” адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса фарисейлерге кандай үлгү-насаат аңгеме айтып берген?
Бул аңгемеден сенин эсиңде эмне калды?
"Тобо кылуу" деген эмнени билдирет?