
Ыйса Бетанияда
Ыйык Китеп, Лука, 10-бөлүм, 38-42-аяттар
Ыйса Иерусалимге келген сайын, шаардан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан, Бетания айылына көп барчу. Ал жерде Өзүнүн шакирттери жана достору: Мариям, Марта жана алардын бир тууганы Лазардын үйүнө келчү.
Кийинки жолугушууда Мариям Ыйсанын жанына отуруп, Анын сөзүн угуп жатты, Марта болсо конок камын көрүп жүрдү. Бир маалда Марта Ыйсага келип, нааразы болуп мындай деди:
- Теңир, сиңдимдин бардык жумушту мага таштап койгону Сенин оюң боюнча туурабы? Айтчы, мага жардам берсин!
Бирок Ыйса ага назик түрдө жооп берди:
- Марта! Марта! Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың.
Бирок бир гана нерсе керек. Мариям жакшысын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.
Улуу Устат эмнени айткысы келген? Ал Мартага жана башка бардык адамдарга экинчи даражадагы нерселерге анчалык көп көңүл буруунун кереги жок экенин көрсөткүсү келген. Марта, Мариям сыяктуу, рухий тамактын денелик тамакка караганда алда канча маанилүү экенин түшүнүшү керек болчу. Эң жакшы нерсени - Ыйса Машаякка болгон ишенимди - эч кимден тартып ала албайсың, ал эми жердеги жашоо эртеби-кечпи бүтөт.
Албетте, бул жердеги жашообуз үчүн такыр кам көрбөш керек дегенди билдирбейт. Ар бир адамдын өзүнүн милдеттери жана иштери бар! Бирок бул түйшүктөр, Марта менен болгон сыяктуу, рухий жашообуздан жогору болбошу керек. Ал үчүн ошол учурда чоң сыйлуу дасторкон даярдоо, Куткаруучунун сөздөрүнөн маанилүү болгон.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса Иерусалимде болгондо, көбүнчө кайсыл жерге токтогон?
Марта тамак жасоо менен алек болуп жатып, эмнени унуткан?
Эмнеге Ыйса Мариямды Мартага жардам берүү үчүн жиберген эмес?