
Самариялык боорукер адам жөнүндө
Ыйык Китеп, Лука, 10-бөлүм, 25-37-аяттар
Бир күнү Ыйсага Ыйык Жазууну жакшы билген бир киши келди. Мындай кишилерди мурда мыйзам окутуучулар, башкача айтканда Кудайдын Мыйзамынын адистери деп аташчу. Ал өзүнүн ички дүйнөсүнө кам көргөндөн эмес, бирок Кудайды сыноо үчүн суроо даярдап койгон.
«Эгер Ыйса бул суроомо жооп берсе, анда мен Анын катасын көрсөтө алам» - деп ойлоду мыйзам окутуучу.
- Устат, - деп, жасалма кошаматтанып чакырды, - түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн мен эмне кылышым керек?
Жооп катары Ыйса андан сурады:
- Ыйык Китепте эмне деп жазылган?
Бул жерде айлакер мыйзам окутуучу өзү жооп берүүгө аргасыз болду:
- Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен сүй жана өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй.
- Туура, — деди Ыйса, — ушундай кылсаң, түбөлүк өмүргө ээ болосуң.
Мыйзам окутуучу арданып кетип, шашыла мындай деди:
- Ооба, бул мага белгилүү. Бирок менин жакыным ким?
- Мен сага бир окуя айтып берейин, - деп жооп берди Ыйса.
Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатты. Ал жолоочуларга кол салган каракчылар кездешип калышы мүмкүн ээн болгон жол менен өтүшү керек болчу. Ошентип, алар саякатчыны көрүштү да, жашынып турган аскадан чыга калышып, ага кол салышты. Каракчылар аны сабап, болгон нерсесин тоноп алып, качып кетишти. Ал тиги киши болсо, араң жан жатып калды.
Бир аз убакыттан кийин, бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтүп бара жатты. Ал жарадар жаткан кишини көрүп, четтеп өтүп кетет. Ыйык кызматчы ага жардам бергиси келген жок. Андан кийинирээк, бир леби (жыйын кызматчысы) да ошол жерден өтүп бара жатты. Ал да буга чейинки ыйык кызматчыдай, токтобостон, тез өтүп кетет.
Акыры эшек минип үчүнчү киши өтүп бара жатты. Ал ыйык кызматчы же леби, жада калса ысрайылдык да эмес эле. Ал самариялык, башкача айтканда, Самариянын жараны болчу. Көпчүлүк Ысрайыл уулдары аларды жек көрүшчү, анткени алар Кудайга туура эмес сыйынышат деп ишенишкен. Ошондуктан, жарадар киши самариялыктан жардам болот деп ойлогон эмес. Бирок самариялык киши аны көрүп, ага боору ачыды. Ал анын жарааттарын таңып, этияттык менен өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага жеткичекти ал кулап калбасын деп, кармап келди.
Самариялык киши ал үчүн бөлмөнүн акысын төлөп, жабырлануучунун уктап эс алышына кам көрдү.
Эртеси эртең менен коштошуп жатып, мейманкананын ээсине акча берди да, мындай деди: «Бул кишини жакшылап кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем».
- Ушул үчөөнүн кимиси жабырлануучунун жакыны болот? – деп сурады Ыйса, окуясын аяктап.
- Албетте, жардам берген адам, - деди мыйзам окутуучу.
- Туура, — деп макул болду Ыйса, — сен да ушундай кыл!
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса ким суроо менен кайрылды? Ал эмне деп сурады?
Ыйса кандай окуяны айтып берди?
Биздин жакыныбыз ким?