Ыйсанын көл үстүндө басышы

Ыйсанын көл үстүндө басышы

Ыйык Китеп, Марк, 6-бөлүм, 45-56-аяттар

Түн кирди. Шакирттер кайык менен Галилея деңизинде сүзүп бара жатышты. Ошол маалдаалардын арасында Ыйса жок эле, Ал тоодо жалгыз сыйынып калган. Шакирттер болсо бир саат бою сүзгөнүн уланта беришти. Абдан катуу шамал көтөрүлгөндүктөн, алар ого бетер күч жумшаш керек болду. Кайыкты толкундар катуу чайпай баштап, коркунуч күчөдү, бирок алар Капернаумга сүзүп жетиши керек болчу. Ал жакка жөнөй бергиле, деп Ыйса айткан эле. Өзү кийинчерээк келем деп убада берген.

Шакирттер жээкке жетүүгө бүткүл күчүн жумшап аракет кылышса дагы, алардын бардык аракеттери текке кетип жатты – анткени шамал кайыкты артка үрөп турду... Шамал өтө катуу болуп жаткан эле, ал эми алар - аны менен күрөшүүгө алсыз болчу.

Бир маалда шакирттер бир жаркыраган бир нерсени байкашты. Ал суунун үстү менен кайыкка жакындап келе жатты. Канчалык жакындаган сайын, ошончолук ал адам экени айкын болуп жатты. Шакирттердин кээ бири коркконунан кыйкырып жиберди. Адам суунун үстү менен басып келе жатат! Мындай болушу мүмкүн эмес!

Аларга жакындап келе жаткан же арбакпы, же башкабы, айтор үрөй учуруучу нерсе!

Эми алар бул адам экенин так көрүштү, анткени Ал алыстан үнү жакшы угулсун деп колун оозуна коюп, —кыйкырды.

- Коркпогула, бул Менмин!

Бул алардын Устаты Ыйса эле! Алар Аны үнүнөн дароо таанышты. Шакиртер эми демин басышып, Анын кайыкка келишин күтө башташты. Алардын бирөөсү гана күткүсү келген жок. Петирдин чыдамы аз болгондуктан, анын үстүнө, ал Ыйсаны абдан жакшы көргөндүктөн, Аны биринчи болуп тосуп алыш үчүн кубаныч менен чуркап бармак. Бирок бул мүмкүн эмес эле. Ким суунун үстүндө чөгүп кетпей баса алсын?

«Бирок эмнеге болбосун? Эгерде Ыйса суунун үстүндө баса алса, анда мен да баса алам — деп ойлоду Петир. Албетте, өзү эмес, Анын жардамы менен».

Ушул ой башына келери менен ал кыйкырып жиберди:

- Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын! – деп.

Ыйса мындай деди:

- Кел!

Петир кайыктын капталынан басып өтүп, бир буту менен суунун бетин басты. Суу жердей катуу болуп, аны кармап турду. Экинчи бутун да сууга коюп, баса баштады.

Мына, Ал суунун үстүндө басып бара жатат! Ыйсага чейинки аралык барган сайын кыскарып жатты.

Күтүлбөгөн жерден Петир абдан бийик толкундун аны көздөй келе жатканын байкады. Ал өйдө көтөрүлүп, бутунун астына көбүк болуп чачырап кетти. Ушундан кийин, Петир Ыйсаны карабай калды – анын көңүлү толкундарга бурулду. Анан аны коркунуч басты. Толкундардын үстүндө да жердин бетинде тургандай тура алабы? Ушул учурдан баштап чөгө баштады да кыйкырып жиберди:

- Теңир, мени сакта!

Ыйса ага жакын келип калган болчу. Ал колун сунуп, чөгүп бараткан Петирди бекем кармап алды да:

- Ишеними аз десе! Эмнеге шектендиң? - деп сурады.

Петир куткарылды, бирок өзүнүн ишениминин күчү менен эмес, Кудайдын Уулу Ыйса Машаяктын жардамы менен. Аңгыча, калган шакирттер жакыныраак сүзүп келип калышты. Ыйса менен Петир кайыкка түшүштү. Анан таң калыштуусу, ошол замат шамал басылып калды. Кайык суунун үстүндө акырын термелип жатты.

Болуп окуя шакирттердин үрөйүн учургандыктан, алар Ыйсага келип, падышага тизелеп таазим кылгандай, алдына жыгылышып, мындай дешти:

Сен чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң!

Ошол түнү алар Ыйсанын жардамы болбосо, кыйроого учурарын дагы бир жолу толук түшүнүштү.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Түнү шакирттер кайда бар жатышты? Эмнеге Ыйса алар менен болгон эмес?

  2. Деңизде эмне болду? Кайыкта сүзүп жүргөн шакирттерди эмне коркутту?

  3. Теңир суунун үстүндө кантип баса алды?

  4. Петир эмнеге чөгүп баштаган?

70. Ыйсанын көл үстүндө басышы00:00 / 04:16