Беш миң адамдын тоюшу

Беш миң адамдын тоюшу

Ыйык Китеп, Лука, 9-бөлүм, 10-17-аяттар

Бир күн бою Ыйса эл менен сүйлөштү. Анын угуучуларынын арасында жалаң эркектердин саны беш миң болгон, ал эми аялдар балдары менен да андан кем эмес эле. Ыйса жөн гана насаат айтпастан, Ага келген оорулууларды да айыктырган.

Кеч кире баштаганда, шакирттери Ыйсага:

- Устат, элдер тамактанышы керек - дешти.

Ыйса жылмайып:

- Аларга тамакты силер бергиле! – деди.

- Бирок, ушунчалык көп адамга жеткидей тамак-ашты кайдан сатып алабыз?

-Бизде болгону беш нан менен эки балык бар, - деди Филип.

- Бул жак ээн жер экен. Андан тышкары, биздин акчабыз да аз.

Ыйса мындай деп жооп берди:

- Мага ошол нан менен балыкты алып келгиле.

Ыйса нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да Андан бата сурады. Анан нанды сындырып, шакирттери даярдап койгон себеттерге сала баштады. Ал балык менен да ушундай кылды.

Шакирттери көздөрүн ушалап жатышты. Бул жерде акылга сыйгыс нерсе болуп жатат. Бир себет нан менен балык – болсо мейли эле. Бирок азыр бардык себеттер балык менен нанга толду! Анан топ-топ болуп чөптүн үстүндө отурган элдерге нан менен балыкты таратышканда, себеттеги азык-түлүк дээрлик азайган жок. Бул баарына жетиштүү болду! Ар ким курсагы тоюшунча жеди.

Ыйса деги ким Өзү? Мындай кереметтерди жасаганга гана күчү кайдан алып жатат?

- Ар бир топту аралап, калган тамак-ашты чогулткула. Ысырапчылык болбошу керек, – деди Ыйса Өзүнүн шакирттерине.

Алар артып калгандарын чогултканда, ар биринде бирден себет чыкты. Элдер жеп тоюшту, ал эми тамак аш башындагыдан да көп калып калды!

Адамдар алардын көз алдында болгон кереметке таң калышып, мындай дешти:

Ал чынында бул дүйнөгө келе турган Пайгамбар.

Тилекке каршы, беш миң адамдын ичинде Ыйсанын эмне каалап жатканын түшүнө албагандар да болду. Алар мындайча ой жүгүртүшкөн: «Эгер Ыйса тамак-ашты оңой эле таба алса, анда бизге иштештин эмне кереги бар. Келгиле, Аны падыша кылалы, ал биздин бардык муктаждыктарыбызды камсыз кылсын».

Ыйса адамдардын бул каалоосун билген, бирок Ал бул дүйнөгө падыша болуу үчүн келген эмес да. Ошондуктан, Ыйса бул жерден шашылыш түрдө кетип, элден жашынып, тоодо жалгыз сыйынуу үчүн чыгып кетти.

Эл болсо үйлөрүнө кайтышты. Алардын айрымдарынын Ыйсадан көңүлдөрү калды, анткени Ал алар каалаган нерсени кылуудан баш тарткан эле.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Эл эмне үчүн Ыйсага келишти?

  2. Теңир кудуреттүү экенин кандайча далилдеди?

  3. Бул кереметтен кийин элдин Ыйсага кандай планы бар эле?

69. Беш миң адамдын тоюшу00:00 / 02:58