Убада кылынган жер

Убада кылынган жер

Ыйык Китептин, Башталыш, 12-бөлүм: 1—9 аяттар.

Нухтун уулдары көбөйүп, алардан бүт жер жүзүнө элдер тарады. Алар Кудайдан корккон, такыба адамдар беле же ыймансыз адамдар беле? Алардын көбү Чыныгы Кудайды көрбөгөндүктөн Аны унутуп калышты. Алар өздөрүнө чоң жана кичинекей жасалма кудуйлардын айкелдерин жасашты. Алар буркандарды жыгачтан же таштан жасашчу. Өздөрүнүн буркандарын ар кайсы жерлерге коюп алышып, алардын алдына жыгылып, мындай деп сыйынышчу: «Бул биздин кудайларыбыз; алар бизди жаратты жана бизге тамак-аш беришет».

Убакыттын өтүшү менен жер бетиндеги адамдардын көбү жасалма кудайларга табынып калышты. Алар Кудайга эмес, буркандарга сыйынышты. Көп учурда, алар буркандардын ырайымына ээ болуш үчүн, айкелдерди күмүштөн же алтындан жасашкан.

Кудай адамдардын Андан баш тартып, буркандарга табынып кеткенин көрүп, бул нерсеге ачууланды. Бирок Ал аларды жок кылып салган жок, анткени бардык адамдардын күнөөлөрү үчүн Куткаруучу келиш керек болчу.

Кудай Ыбрайым деген бир адамды тандап алды, ал аркылуу Өзүнүн өзгөчө элин жаратууну чечти. Так ошол Ыбрайымдын тукуму аркылуу бул дүйнөгө Куткаруучу келиши керек эле.

Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди:

- Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар; Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм.

Ыбрайым аялы Саара менен узак жана кыйын сапарга чыкты. Алардын жанында Ыбрайымдын бир тууганынын баласы – Лот да бар эле.

Теңир Ыбрайымга Канаан жерине барчу жолду көрсөттү. Бул жерге келгенде ал Кудайдын үнүн дагы бир жолу укту:

- Бул жерди Мен сенин укум-тукумуңа берем.

Ыбрайым аябай кубанып кетти, анткени ал максатыма жеттим деп ойлоду: "Мына, менин барышым керек болгон жер - Канаан!"

Ошондо Ыбрайым Теңирге арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай курду.

Бирок, Кудайдын ага айткан укум-тукуму жөнүндөгү убадасы түшүнүксүз эле. Анткени, Саара экөөнөн бала жок болчу. Бирок Ыбрайым Кудайга толугу менен ишенип, Ага өз өмүрүн тапшырган.

Теңир Ыбрайымга бир нече жолу мындай сөз менен кайрылып турган: «Мен сага батамды берем, сени коргойм; эч ким сага зыян келтире албайт ". Кудай Ыбрайымга ыраазы болуп, аны Өзүмдүн досум деп атаган.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жер жүзүнүн басымдуу бөлүгү кимге табынган жана кимге кызмат кылган?

  2. Кудай кимди өзүнүн досу деп атаган?

  3. Кудай Ыбрайымга эмнени убада кылган?

6. Убада кылынган жер00:00 / 03:03