Деңиздеги бороон

Деңиздеги бороон

Ыйык Китеп, Лука, 8-бөлүм, 22-25-аяттар

Бир күнү кечинде Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде чогулган элди окутуп бүтүп, шакирттерине мындай деди:

Көлдүн наркы өйүзүнө өтөлү.

Шакирттер кайыкты даярдашып, Ыйса менен бирге наркы өйүздү көздөй сүзүштү. Ыйса абдан чарчагандыктан, эс алуу үчүн кайыктын арт жагына жатты. Күтүлбөгөн жерден Галилея деңизинде көп кездешкен катуу шамал башталды. Толкундар кайыкты ушунчалык катуу чайпалтып жаткандыктан, чөгүп кетүү коркунучу пайда болду. Кырдаалдын коркунучун түшүнүшкөн шакирттер коркуп Теңирди ойготушту:

- Устат, биз чөгүп кетсек деле, Сага баары бирби?

Ыйса ордунан турду. Ал катуу толкундарды көрдү, шамалдын уңулдап согуп жатканын укту, кайыктын ары-бери чайпалганын байкап, шамал менен толкунга буйрук берди:

- Тынчтан! Басыл!

Бороон дароо басылды. Деңиздин үстү күзгүдөй жылмакай болуп калды.

Керемет! Бороон мурда эч качан мынча тез токточу эмес, толкундар да дайыма акырындык менен тынчтанчу. Бирок азыр болсо – көз ирмемде - бардыгы тымтырс болуп калды!

Мындайды шакирттери эч качан көрө элек эле. Ошондо Теңир сурады:

- Эмне мынча коркоксуңар? Ишенимиңер кайда?

Коркунуч баскан жана аң-таң болгон шакирттери бири-бирине:

-Шамал менен сууну баш ийдирген деги бул Ким? – деп айтып жатышты.

Алардын Устаты- Кудайдын Уулу экенин ишеним менен кабыл алышса да, акылдары менен түшүнө алышпады.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Эмне үчүн Ыйса Теңир бороон-чапкын болгон учурда тынч уктай алган?

  2. Шакирттер эмнеге мынчалык коркуп кетишти? Алар эмнени унутушту?

  3. Теңир бороонду басаңдаткандан кийин, аларда кандай сезим болду?

68. Деңиздеги бороон00:00 / 01:49