
Жайырдын кызынын тирилиши
Ыйык Китеп, Лука, 8-бөлүм, 41, 42, 49-56-аяттар
Буга чейин Жайыр мынчалык бат чуркаган эмес. Ал синагоганын (иудейлер сыйынуу үчүн чогулган жай) башчыларынын бири болгон, ал эми мындай көрүнүктүү кызматтарды ээлеген адамдардын чуркап жүрүшү одоно көрүнүш болмок. Бирок азыр анын кызы өлүм астында жаткан. Ал болгону он эки жашта болчу. Жайыр кызын абдан жакшы көрчү, ал эми азыр анын күн сайын начарлап баратканын көрүүгө аргасыз болду. Дал ушул убакта Ыйса шакирттери менен шаарга келгенин уккан Жайыр ага жардам сурап кайрылууну чечти. Ал Ыйсага келгенде, тизелеп жыгылып, өтүнө аштады:
Устат, кызым өлүм астында жатат. Сенден суранам, ага барып, куткара көр! Суранам! Шашыла көр, болбосо кеч болуп калат!
– Жүрү, – деди Ыйса. - Сен бара бер, мен артыңдан барып калам.
Бирок, ушунча көп элдин арасынан аралап өтүү кыйын болгондуктан, алар өтө жай бара жатышты. Капысынан Жайырдын кулдарынын бири шашыла чуркап келе жатканын байкады.
Анан кулу мындай деди: Кызыңыз көз жумду. Эми Устатты убара кылбай эле койсоңуз болот. Жайырдын жүрөгү токтоп кала жаздады. Ал үчүн баары бүтүп калгандай! Сүйүктүү кызы өлүп калды! Бардык аракеттер текке кетти. Жайыр катып калды, анын өңү өлүктүкүндөй кубарып кетти.
Ыйса кулдун айткандарын укту. Ал Жайырдын ийнинен кучактап:
- Коркпо, кызың жакшы болуп кетет - деди.
Синагога башчысы эмнеге ишенерин билбей турду. Кайгыга баткан ал, үйдү көздөй басканын уланта берди. Ыйса артынан жөнөдү.
Жакындап калганда катуу өкүрүп ыйлагандардын жана кошок кошкондордун үнү угулду.
Ыйса мындай деди:
- Ыйлабагыла! Кыз өлгөн жок, ал уктап жатат!
Бул сөздөрдү уккан адамдар Аны шылдыңдап күлүштү. Алар кыздын өлүп калганын так билишкен. Ал кантип мындай акылга сыйбаган сөздөрдү айтып жатат! Ыйса бардыгын сыртка чыгарып жибергенден кийин, кыздын ата-энесин, Петир, Жакан жана Жакыпты алып, кыз жаткан бөлмөгө кирди. Теңир анын колунан кармап, мындай деди:
- Чоң кыз, өйдө тур!
Ошондо кыз терең дем алды да көзүн ачты. Анын жүзү мурунку өңүнө келип, жаткан жеринен турду.
Ата-энеси көргөн көздөрүнө ишене албай жатышты. Алардын жалгыз кызы тирүү! Бул кандай гана бакыт!
Кызга жегенге бир нерсе бергиле, ал азыр күчкө толуп, өзүнө келиши керек, - деди Ыйса.
Ыйса ордунан туруп, кызга акыркы жолу жылмайып, сыртка чыкты. Таң калган шакирттердин эсине келиши үчүн бир аз убакыт керек болду, анан алар шашыла Устаттарынын артынан жөнөштү, ал эми үйдөгүлөр бактылуу түйшүк менен алек болуп калышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооСинагога башчысынын аты ким болгон?
Анын кандай кайгысы болгон?
Шакирттердин кимиси Жайырдын үйүндөгү кереметке күбө болгон?