
Жесир аялдын уулунун тирилиши
Ыйык Китеп, Лука, 7-бөлүм, 11-16-аяттар
Ыйса Галилеянын дагы бир башка шаары, Наинге барды, Аны көп эл коштоп жүрдү. Качан ал шаардын дарбазасына жакындап калганда, алдынан өлүк көтөрүп келе жаткандар чыкты. Табыттын артында жүрөгү кайгыга баткан аял бара жатты. Кайгысына көңүл кош карабаган көптөгөн элдер аны коштоп жүрүштү. Бул аял жесир болчу, ал эми маркум - анын жалгыз уулу эле.
Ыйса бечара аялдын кайгысын көрүп, аны аяп:
- Ыйлаба! – деди.
Маркумду көтөрүп бара жаткандар токтоп калышты, табытка жакын келип, колун тийгизип, мындай деди:
- Жигит, сага айтып жатам, ордуңдан тур!
Ошол замат жигит өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Бул кандай гана керемет! Ыйса аны энесинин колуна тапшырып берди. Муну көргөндөрдүн баарынын үрөйлөрү учуп, бир саамга унчукпай калышты, анан бири-биринен сөз талаша мындай деп айта башташты:
- Бизге улуу пайгамбар келди! Кудай Өз элин эстеди!
Эл Ысрайылдын Кудайын даңктап жатышты. Наиндеги керемет жөнүндөгү кабар бүт Жүйүт жерине тез эле тарап кетти.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса кайсы шаарга келди?
Шаардын дарбазасына жакындап калганда кимдерди жолукту?
Наинде эмне болду? Кереметке күбө болгон адамдар эмне дешти?