Аялдын айыгышы

Аялдын айыгышы

Ыйык Китеп, Лука, 8-бөлүм, 42-48-аяттар

Ыйса кайык менен Капернаумга кайтып келгенде, көп эл Аны күтүп туруптур. Баары ичке көчөлөрдү аралап, Анын артынан ээрчишти. Ыйсага ушунча жык толгон элди аралап басуу кыйын болду.

Бир маалда Теңир токтоп, артына бурулуп сурады:

Мага ким колун тийгизди? – деп.

Ал Андан күч чыкканын сезди. Шакирттери таң калып:

- Устат! Эл Сени тегеректеп, кысып турса, “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң да.

Ыйса аларга жооп берген жок, тескерисинче, айланасын карап, Ага колун тийгизген адамды издеди.

Ыйсаны ээрчиген адамдардын арасында бир оорулуу аял турган. Ал он эки жыл бою ар кандай дарыгерлерге барып, колунда болгонунун бардыгын дары-дармекке коротсо да, эч нерсе ага жардам берген эмес экен. Анан ал Ыйсанын кереметтери жөнүндө угуп, Андан айыгыш үчүн келген. Теңирге көрүнбөскө араткет кылып, арт жагынан келди да, мындай деп ойлоду: «Ыйсанын кийиминин четине колумду тийгизсем эле сакайып кетем!» Бул аял, Ыйса аны айыктыра алышына толук ишенген. Анын колу улуу Устаттын кийимине тийери менен, ал айыгып калганын сезди.

Албетте, ким сакайып кеткенин Ыйса билген, бирок аялдын Ага өзү келишин күткөн. Анан ал аял келди.

Коркконунан титиреп, Теңирдин бутуна жыгылды да, өз окуясын айтып берди.

Жооп катары, ал сүйүүгө толгон Ыйсанын сөздөрүн укту:

- Коркпо, кызым. Сени ишенимиң куткарды, тынчтык менен бара бер!

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Теңир шакирттери менен кайсы шаарга келген?

  2. Он эки жыл ооруп жаткан аял эмне кылды?

  3. Аялды эмне айыктырган?

65. Аялдын айыгышы00:00 / 01:54