
Шал оорулуунун айыгуусу
Ыйык Китеп, Лука, 5-бөлүм, 17-25-аяттар
- Сен жаңылыкты уктуңбу? - деп бир киши досунан сурады. — Ыйса биздин айылда экен! Оорулууларды айыктыруучу Адам.
- Сен биздин досубузду ойлоп жатасыңбы? Бирок ал баса албайт да. Ал кантип
Ыйсага бармак эле?
-Кел, биз аны Ыйсага алып барабыз! – деди ал, анан көп өтпөй бир- эки тааныштарынан жардам сурап, шал досунукуна келишти. Алар чогулуп аны көтөрө тургудай замбил жасап, ага оорулууну жаткырып, Ыйса келген үйгө шашып жөнөштү. Ии, кандай өкүнүчүү! Көп адамдар Ыйсаны көргүсү жана уккусу келгендиктен, үйдүн эшигинин алдына чейин жык чогулуптур. Достор шал оорулуу менен бул элдин арасынан Ыйсага жете алышмак эмес. Бир маалда бирөөнүн жүзү жаркырап кетти.
- Менде бир ой бар! — деп кыйкырып жиберди. – Шып аркылуу!
- Шып аркылуу? Эмне дегиң келип жатат?
- Бул үйдүн шыбы жөнөкөй топурактан жасалган. Биз үстүнөн тешик жасап, досубузду аркан менен ылдый түшүрөбүз.
Айтылды - аткарылды. Алардын бири аркан менен керектүү куралдарды алып келиш үчүн чуркап кетти. Калганы болсо ошол үйдө жөлөнүп турган тепкич аркылуу жалпак жабылган үйдүн үстүнө шал оорулууну көтөрүп чыгышты. Иш көпкө созулган жок: анткени үйдүн үстүндө досун аркан менен түшүргөнгө ылайыктуу чоң тешик бар экен. Ал тешик Ыйса турган жердин үстүндө эле. Ылдый жактан тешикти тегеректеп алган жаштардын чымырканган жүздөрүн көрсө болот болчу. Ыйса аларды карап жылмайды, анан аркан менен Анын бутуна түшүрүлгөн шалды карап, күтүлбөгөн сөздөрдү айтты:
- Сенин кылган күнөөлөрүң кечирилди.
Ыйсанын жанында турган мыйзам окутуучулар менен фарисейлер абдан ачууланышты. Ушундай да болмок беле, күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат! Бул Киши Өзүн ким деп эсептеп алган? Ыйса алардын ошол учурда эмнени ойлоп жатканын билип, мындай деди:
- Кайсынысын айткан оңой: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди”, - дегенби, же “Ордуңан туруп, бас”, - дегенби?
Мыйзам окутуучулар күнөөлөрдү Кудай гана кечире аларын билишкен. Ыйса, шал оорулууга күнөөлөрүң кечирилди деген сөзү менен, Ал жөн гана адеп-ахлакты үйрөтүүчү Устат эмес экендигин билдирди.
«Бирок күнөөлөрү чындап эле кечирилгенин ким текшере алат? — деп ойлоду чогулгандар. - Эгерде Сен оорулууну айыктырганыңда, кереметтүү жөндөмдүүлүгүңдү далилдей алмаксың.»
Алардын оюн билип, Ыйса мындай деди:
- Күнөөлөрдүн кечирилиши жөнүндө укканыңарда, Кудай Мага ооруларды айыктыруу күчүн эле эмес, күнөөлөрдү да кечирүү күчүн жана бийлигин бергенин түшүнүшүңөр керек.
Анан Ал оорулууга кайрылып:
- Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө жөнө! - деди.
Ал киши дартынан дароо сакайып, жаткан жеринен секирип турду. Анан ал төшөгүн жыйнап, аркандарды чогултуп алып, таң калган элди аралап сыртты көздөй чыкты.
Ал киши Ыйсага ыраазычылык билдирип, Кудайды даңктады. Шыптагы жыртыктан карап жаткан досторунун кубанычтуу жүздөрү көрүнбөй калды.
"Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин билишиңер үчүн», – деди да, шал оорулуу адамга: «Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди. Ал ошол замат көпчүлүктүн көз алдында ордунан турду да, төшөгүн алып, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү". Лука 5:24, 25
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооШал оорулуунун досторунун кандай иш-аракеттери алардын Ыйсага ишенери тууралуу күбөлөндүрөт?
Ыйсанын шал оорулууга айткан кайсы сөздөрү чогулгандарды таң калтырды?
Оорусунан айыккан адам үйүнө шашыла электе Ыйсага ыраазычылык билдирдиби?