
Пес оорулуунун айыгуусу
Ыйык Китеп, Лука, 5-бөлүм, 12-14-аяттар
Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө, Ага көп учурда сапарда жүрүүгө туура келген.
Ар кайсы шаарларды, айылдарды кыдырып, алсыздарга, оорулууларга жолугуп, аларды айыктырган. Ошол убакта Палестинанын тургундарынын арасында пес оорусу деп аталган, өтө коркунучтуу, айыккыс оору тараган. Бул жугуштуу тери оорусу болгон.
Бир күнү Ыйса шакирттери менен Галилея шаарына келишти, анан ошол жерде
пес оорулууга жолугушту. Байкуш оорулуу Анын жанына чуркап келип, чөгөлөп жалдырады:
- Теңир, эгерде Сен кааласаң, мени таза кылып, айыктыра аласың!
Бул киши Ыйсага абдан ишенсе керек!
Ошондо Ыйса колун сунуп, ага тийгизди да:
- Каалайм, таза бол! – деди.
Ал жөн эле Ыйсанын каалоосу эмес, бирок Кудайдын буйругу эле. Кудайдан башка эч ким минтип айтууга батына албайт!
Ошондо керемет болду: ал кишинин пес оорусу жоголуп кетти. Дени сак, денеси таза, жана зор кубаныч менен ал Ыйсанын алдында турду.
Ал киши өзүнүн айыкканын башкаларга айтпашынТеңир каалаган, ал Мусанын Мыйзамында жазылгандай, дин кызматчыга барып көрүнүп, тазаланышы үчүн, курмандык чалуусун буйруган.
Бирок кереметти эч кимден жашыра алган жок. Андан да көп адамдар Ыйсаны угуш үчүн жана айыгыш үчүн келип жатышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭмне үчүн пес оорулуу башкалар үчүн коркунучтуу болгон?
Пес оорулуу Ыйсаны көргөндө эмнеге катуу сүйүнгөн?
Эмне үчүн пес оорулуу өзүнүн айыгышын башкаларга айтышын Ыйса каалаган эмес?