
Укмуштуудай көп балык кармоо
Ыйык Китеп, Лука, 5-бөлүм, 1-11-аяттар
Бир күнү Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде Кудайдын Сөзү менен бөлүшүп жаткан. Кудайдын сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. Ошондо, жээктен бир аз нарыраак сүзүп барып, ошол жерден элди окута баштады. Эми Аны ар бир адам көрүп, Анын эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүүгө бир топ жакшыраак болмок. Насаатын айтып бүткөндөн кийин Ыйса Петирге кайрылды:
- Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла, ошондо көп балык кармайсыңар.
- Азырбы? Көлдүн ортосунабы?
Петир, биринчиден, күндүз эч ким балык кармабасын билген. Экинчиден, көлдүн ортосунан эч ким балык кармабайт, анткени ал терең жана тор көлдүн түбүнө жетпейт. Балык кармоого эң эле ылайыктуу болуп жээк эсепетелет.
- Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз, - деп жооп берди Петир. Эгер чынын айтсам, көлдүн ортосунан балык кармай албайбыз. Бирок, Сен айтып жаткан соң, торду салайын.
Андрей менен Петир кайыкка секирип түшүп, жээктен алысыраак сүзүп кетишти. Жакан менен Жакып башка кайыкка түшүп, алардын артынан жөнөштү. Алар бул кызыктай балык уулоо кандай аяктарын көргүсү келген. Ортого жеткенде Петир менен Андрей торлорун таштап, чыдамсыздык менен тереңдикти карап калышты. Капысынан, суу күмүш түстөгү балык кабырчыктарына толо баштады.
"Шымон Ага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын», – деди.
Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрыла баштады". Лука 5:5, 6
Балыкчылар тордун четинен шамдагайлык менен кармай калып, аны тарта башташты. Тордун оордугуна караганда, торго түшкөн балыктар абдан көп болсо керек. Экөөлөп аны чыгара албасына көздөрү жеткенде, алар Жакып менен Жаканды жардамга чакырышты.
Эптеп, төртөөлөп торду суудан алып чыгып, балыктарды эки кайыкка бөлүштүрдү. Торго ушунчалык күч келгендиктен, кээ бир жерлери үзүлүп кетти.
Буга дээрлик ишенүү кыйын болду! Алар эч качан мынчалык көп балык кармашкан эмес! Ушунча көп балыкты көргөндөрдүн баарынын үрөйлөрү учту. Ошондо Шымон Петир Ыйсанын алдына чөгөлөй калып, мындай деди:
- Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын! Сенин жаныңда болууга татыксызмын!
Бирок Ыйса колун анын ийнине коюп:
- Коркпо, Петир. Мындан ары балыктарды эмес, адамдарды кармоочу болосуң!
Ыйсанын шакирттери эки кайыкты тең жээкке чыгарышты да, кармалган балыктарды башкаларга таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооГенисарет көлүндө кандай керемет болгон?
Эмне үчүн Петир Ыйсанын анын жанынан кетүүсүн суранган?
Ыйса Петирге эмнени убада кылган?