Кудуктагы жолугушуу

Кудуктагы жолугушуу

Ыйык Китеп, Жакандын, 4-бөлүм, 4-29-аяттар

Элестетип көрөлүчү: жолоочулардын бир тобу катуу ысыкта жолдо бара жатышат. Анан, алар Шекем шаарына жакындап келип, ошол жердеги көп кылымдар мурун Жакып казган кудуктун жанына токтошту. Жолоочулардын ким экенин билебиз, алар Ыйса жанан Анын шакирттери. Түшкү тамактануу маалы жакындап калгандыктан, Устат шакирттерин шаарга тамак-аш сатып алууга жөнөттү, ал эми Өзү кудуктун жанында калды.

Чак түштө, күн аябай катуу тийип жаткан эле. Адатта, бул убакта эл суу алганы кудукка келчү эмес. Бирок, ошол шаардан бир аял кумурасын көтөрүп алып, суу алганы келди.

Ал суу сузуп жатканда, Ыйса ага мындай деди:

- Мага ичкенге суу берчи.

Аял жүйүттүн ага кайрылганына абдан таң калды, анткени самариялыктар менен жүйүттөр сүйлөшүшчү эмес. Бирок Ыйса анын жүрөгүндөгүнү билип, ага жардам бергиси келди. Анан, Ал ага эң маанилүү нерсе тууралуу: Кудайга болгон ишеним жана Ага кантип сыйынуу керектиги жөнүндө айтып баштады.

Ыйса мындай деди:

- Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек.

Теңир сыйынуу үчүн атайылап курулган табынуучу жерлерге барып, сыйынуунун кереги жок экендигин айткысы келген. Кудайга биз бардык жерде сыйынсак болот, анткени Ал бардык жерде бар. Аял абдан кунт коюп угуп турду, Ыйык Рух ага Ыйсанын сөздөрүн түшүнүүгө жардам берди. Ал бир топ убакыттан бери чындыкты издеп жүргөндүктөн:

- Мен Куткаруучу Машаяктын, келерин билем. Кудайга татыктуу жашашыбыз үчүн, билишибиз керек болгон нерсенин баарын Ал келгенде айтып берет-деди аял.

Бул сөзүнө Ыйса мындайча жооп кайтарды:

- Сен дал Ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың!

Эми ал аял чындыкты билди. Ал Анын Куткаруучу экенине гана ишениши керек.

Самариялык аял ушунчалык бактылуу болгондуктан, бул тууралуу баарына жарыялаш үчүн шаарга шашып жөнөдү. Анткени ал тирүү суу берчү Куткаруучуну жолуктурду.

Самариялык аял, Шекем шаарынын тургундарын, Мен – Машаякмын деп айткан Кишини көрүш үчүн, кудук жакка чакырды.

Бардык тургундар толкунданып, Ыйсага шашылышты, анткени алар да Машаякты көргүсү келди.

Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү ал аялдын жашоосу жөнүндө Ыйса баарын билет деп күбөлөндүргөн сөзү үчүн, Теңирге ишенип калышты.

Ошондуктан алар Ага келип, Андан өздөрү менен калуусун өтүнүштү. Ыйса ал жерде эки күн болду. Анын сөзүн угуп, Ага дагы көп адам ишенип калды, ал эми аялга кубаныч менен мындай дешти:

- Биз эми Ага сенин сөзүң боюнча эле ишенип жаткан жокпуз. Анткени Анын сөздөрүн өз кулагыбыз менен угуп, Анын, чын эле, дүйнөнүн Куткаруучусу, Машаяк экенин билдик.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Ыйса эс алуу үчүн токтогон кудук Ысрайылдин кайсы аймагында болгон?

  2. Ыйса самариялык аялга эмне деген?

  3. Эмне үчүн аял кубаныч менен шаарга шашылды? Ал шаардын тургундарына эмне деди?

61. Кудуктагы жолугушуу00:00 / 03:23