
Түнкү конок
Ыйык Китеп, Жакан, 3-бөлүм, 1-21-аяттар
Пасах майрамында Ыйса көптөгөн кереметтерди жасагандыктан, бир топ адам Ага ишенип калды. Жакырлар Аны Машаяк жана Куткаруучу катары кабыл алышты, ал эми байлар Андан шектенишип, күмөн санашты.
Бирок Иерусалимде Теңирге чындап муктаж болгон жана Аны менен жекече сүйлөшкүсү келген бирөө бар эле.
Күндүз ал мындай кылууга батына алган жок, анткени ал ак сөөктөрдөн, Синедриондун кадыр-барктуу (жогорку диний кеңеш), окумуштуу, фарисейлердин диний партиясынын мүчөсү эле. Анын аты Никедим болчу.
Тегерегиндеги адамдардын кысымына кабылбаш үчүн, Ыйсага ал түн ичинде барууну чечти. Үйгө кирип, Никедим мындай деди:
- Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз эч ким кыла албайт.
Никедим Ыйсаны улуу Окутуучу деп ойлогон, бирок, Ал - Кудайдын Уулу экенин билген эмес. Анан күтүүсүздөн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт, деп Ыйса айтты.
Бул Никедимге түшүнүксүз болчу. Ошондуктан, Ыйсадан сурады:
- Кантип адам кайра төрөлө алмак эле? Ал кайрадан энесинин курсагына кирип, наристе боло алабы?
Ошондо адам жогорудан, Рухтан төрөлүшү керек деп Ыйса айтып берди. Бирок Никедимге муну түшүнүү өтө кыйын болду. Ошендо, Теңир ага эмне айткысы келгенин түшүндүрдү:
- Ар бир адам күнөөкөр болгондуктан, ал өз аракеттери менен адил боло албайт. Ал Ыйык Рух аркылуу гана өзгөрүп, башка адам боло алат.
Мунун кандайча болуп жатканы адамдар үчүн табышмак бойдон калууда. Ыйса Никедимге:
- Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адамда да ушундай болот-деп насаатын улантты.
Бирок Никедим Ыйсанын сөздөрүн дагы деле түшүнө албай:
- Бул кандайча болушу мүмкүн? –деп сурады.
Ошондо Ыйса ага Кудайдын Уулуна болгон ишеним гана адамды адил кыла аларын жана Кудай Өз Уулун адамдардын күнөөлөрү үчүн жиберерин түшүндүрө баштады.
- Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди.
Көп өтпөй Никедим Теңирге ишенип, Рух аркылуу кайрадан төрөлдү. Ошондо ал уялбай калды жана Кудайдын Уулуна болгон ишенимин элден жашырган жок. Душмандар Ыйсага каршы чыкканда, ал Аны коргогон.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭмне үчүн Никедим Ыйса менен жеке сүйлөшкүсү келген?
Кудайдын Падышачылыгына кириши үчүн адам баласы менен эмне болуш керек?
Эмне үчүн Кудай Өз Уулун жерге жиберген?