
Кудай үйүн тазалоо
Ыйык Китеп, Жакан, 2-бөлүм, 13-17-аяттар
Ошондон кийин Ыйса энеси, инилери жана шакирттери менен Капернаумга, Галилея деңизиндеги кичинекей кеме токтоочу жайлардын бирине келип жайгашышты. Ал жерде бир нече күн болгондон кийин, Пасах майрамы өткөрүлө турган Иерусалимге жөнөдү.
Ийбадаткананын аянтына эл жык толгон экен. Ал жерде майрамдап, Кудайга сыйынып, курмандык чалайын деген элдер гана болбостон, соода кылайын деп келгендер да бар экен. Ыйса Теңир майрамдын катышуучуларынан пайда көрөйүн деген жана акча алмаштыруучуларды жана соодагерлерди көрүп аябай ачууланды. Теңирдин ийбадатканасы базарга айланып калыптыр. Кудайдын үйүнө эч кандай урматтоо көрсөтүлбөй калыптыр.
Теңир жерде жаткан мал байлаган жиптерди камчыдай кылып өрүп алып, соодагерлерди өгүздөрү жана койлору менен ийбадаткананын ичинен кууп чыкты.
Ал көгүчкөн сатуучуларга:
– Атамдын Үйүн базарга айландырбагыла! -деди.
Соодагерлер эч унчуга албастан ийбадаткананын аймагынан чыгып кетишти. Акча алмаштыруучулар Теңирдин бийлигин моюнга алышты. Ыйса акча алмаштыруучулардын үстөлдөрдүн кулатканда, үстүндөгү тыйындар ийбадаткананын ар-тарабына чачырап кетти. Эл Ыйсанын бардык кылганын көрүп таң калды, бирок Ага каршы эч нерсе айта алышпады.
Талкуулоо үчүн суроолор
2 сурооИйбадаткананын алдындагы аянтта Ыйса эмнени көрдү?
Ыйса эмне кылды? Ал соодагерлерге кандай сөздөрдү айтты?