Бабыл мунарасы

Бабыл мунарасы

Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 11-бөлүм

Бүткүл дүйнөлүк топон суудан кийин Нухтун уулдары, Шем, Хам жана Жепет көп балалуу жана неберелүү болушкан. Белгилей кетчү нерсе, адамдар топон сууга чейинкидей көп жашабай калышкан. Эгерде Нух 950 жыл жашаган болсо, эми анын уулу Шем 600 гана жыл, ал эми Шемдин уулу 430 жыл жашаган.

Бирок, Нухтун урпактары ар кайсы жерлерге отурукташканга чейин, төмөнкү окуя болгон. Чыгыш тараптан Шинар жерине элдер келди. Алардын баары бир тилде сүйлөшкөн. Бир күнү эле аларда мындай бир ой пайда болду, анан алар бири-бирине:

- Келгиле, азыр барып, кыш куюп, аны отко бышырып, шаар жана асман тиреген бийик мунара куралы. Ошентип, биз жер бетине тарап кеткиче, атагыбызды чыгарып алабыз.

Теңир алардын жүрөгүнүн текебердигин көрүп, мындай деди:

- Мен элге түшүп, алардын тилин аралаштырам, ошондо алардын обу жок, ээнбаш ойлору ишке ашпайт.

Бир заматта адамдар бири-бирин түшүнбөй калышты, анткени ар бири ар кайсы тилде сүйлөп калды. Ушундан улам башаламандык пайда болуп, мунаранын курулушун токтотууга туура келди.

Теңир аларды бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондон улам, ал шаар Бабыл, мындайча айтканда, «аралаштырылган» деп аталып калган.

Ошентип, Бабыл мунарасынын окуясы Бүткүл дүйнөлүк топон суудан кийин ар кандай тилдердин пайда болушун түшүндүрөт.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Адамдар жер бетине тараганга чейин эмне кылгылары келди?

  2. Эмне үчүн алар ийгиликке жеткен жок?

  3. Шаардын аталышы, Вавилон, эмнени билдирет?

5. Бабыл мунарасы00:00 / 01:54