
Каана шаарындагы керемет
Ыйык Китеп, Жакан, 2-бөлүм, 1-11-аяттар
Үчүнчү күнү Ыйса шакирттери менен Галилеядагы кичинекей Каана деген айылга келгенде, үйлөнүү тою өтүп жатыптыр. Ыйсанын энеси да ошол жерде эле.
Той көңүлдүү өтүп жаткан: коноктор ичип-жеп, ырдап-бийлеп, ар-кандай окуяларды айтып, күлүп жатышкан. Анан күтүлбөгөн жерден, майрам ортосунда, толкунданган Мариям Ыйсанын жанына келип, шыбырады:
- Шараптары түгөнүп калыптыр.
Ии, кокуй! Коноктор күйөө бала сараң деп ойлоп калышат ко.
Мариям Ыйса бул кырдаалдан чыгуу жолун табат деп үмүттөнгөн, бирок Ал, Энеси эмнени каалап жатканын билип, мындай деп жооп берди:
- Сен Менин эмне кылышымды каалап жатасың, Аял? Менин убагым али келе элек - деди.
Мариям Теңирдин эмне дегенин түшүндү жана Анын колунан баары келерине ишенчү. Ошондуктан, аял үй кызматчыларына барып, акырын айтты:
- Уулум силерге эмнени айтса, ошону так аткаргыла.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ыйса чындап эле кызматчыларга кайрылды. Тегерегине көз чаптырып, бөлмөдө алты чоң бош чопо кумураларды көрдү.
Идиштерге суу толтургула! - деди Ал.
Алты идиштин баарын толтуруу, кызматчылар үчүн чоң жумуш болду.
Эми сузуп алгыла да, тойду алып баруучуга бергиле, - деди Ыйса.
Кызматчылар көздөрүн аңырайтып, Аны таң калып карап калышты. Ал аларга эмне деп жатат? Тойду алып баруучу алар кудуктан ташып келген сууну ичип көрүшү керекпи? Бул Назареттик жаш Жигит аны шылдыңдагысы келген жокпу? Бирок алар Мариямдын айтканын эстеп, баарын Ал айткандай жасашты.
Тойду алып баруучу өзү басып келип, чоң кумарадан чөмүч менен сузуп, даамын татып көрдү.
Мм, - деп жактыргансып, дароо күйөө балага шашылды.
Сен сонун той өткөрүп жатасың, - деди ал, - бирок бир катачылык кетирдиң.
Күйөө бала: «Шарап жетпей калды деп айтат» деп ойлоду да, уялып ылдый карады.
Бирок той алып баруучу такыр башка нерсени айтты:
Элдин баары адегенде шараптын жакшысын, кийинчерээк коноктор ылгабай калганда, арзаныраагын беришет. Сен болсо баарын тескери кылыптырсың. Азыр кызматчыларың куюп жаткан шарап эң жогорку сапатта экен! – деди.
Күйөө бала муну кандайча түшүнөрүн билбей калды. Ыйсанын энеси Мариям Уулун жылмайа карады, ал эми Анын шакирттери: «Чынында эле, адамдарга жардам кылсын деп Ыйсаны Кудай Өзү жибериптир» -деп ойлошту.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса шакирттери менен кайсы айылга келди?
Ал жерде эмне болуп жаткан? Жакындарынан Ыйса кимге жолукту?
Тойдо эмне болгон? Ыйса эмне кылды? Анын шакирттери муну кандай кабыл алышты?