
Ыйсанын биринчи шакирттери
Ыйык Китеп, Жакан, 1-бөлүм, 35-51-аяттар
Бир күнү чөмүлдүрүүчү Жакан элге Теңир жөнүндө күбөлөндүргөндөн кийин, Ыйса кайрадан Иорданга келди. Жакан өзүнүн эки шакирти, Андрей жана Жакан менен сүйлөшүп жаткан. Ыйсанын өтүп бара жатканын көргөндө Чөмүлдүрүүчү Жакан Ал жөнүндө мындай деди:
- Мына, Кудайдын курмандык Козусу.
Андрей менен Жакан аларга жакшы Устат боло турган Машаякты ээрчиши үчүн атайлап ушинтип айткан. Ошентип, Андрей менен Жакан Теңирдин артынан ээрчишти. Ыйса артына бурулуп, алардын ээрчип келе жатканын көрүп, мындай деди:
- Силерге эмне керек?
Алар:
- Устат! Сен кайда жашайсың? -деп сурашты.
Ыйса:
- Келип, өзүңөр көргүлө! -деп жооп берди.
Андрей менен Жакан Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү. Анын үйүнө келип, түнөп калышты. Ыйса менен сүйлөшүү аларга абдан жакты! Буга чейин эч ким, эч качан Ыйса Теңирдей терең, чын жүрөктөн жана жөнөкөйлүк менен сүйлөгөн эмес.
Андрейдин Шымон деген бир тууганы болгон. Алар атасы менен бирге Галилея деңизинин жээгинде, Бетсайида шаарында жашашкан.
"Эртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле.
Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: «Мына, Кудайдын курмандык Козусу!» – деди. Жакандан бул сөздөрдү укканда, эки шакирт тең Ыйсаны ээрчип жөнөштү. Жакандан угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген эки адамдын бири Шымон Петирдин бир тууганы Андрей эле. Ал адегенде агасы Шымонду таап, ага: «Биз Машайакты таптык», – деди". Жакан 1:35—41
Алардын баары балыкчылар эле. Андрей агасына Ыйса жөнүндө айтып берүү үчүн, аны издеп жөнөдү.
Биз Машаякты таптык! — деди ал Шымонду көргөндө сүйүнүп.
Анан Андрей агасын Ыйса менен тааныштырганы чакырды, ал дароо эле макул болду.
Ыйса Шымонду карап, мындай деди:
- Жунус уулу Шымон, сенин атың мындан ары Кейфа болот, ал "таш" дегенди билдирет (Петир).
Шымон Теңир анын атын билгенине абдан таң калды, анткени ал экөө биринчи жолу жолугуп жатышты эле.
Ыйса Шымонго жаңы ысым берип жатып, ал бир аз убакыт өткөндөн кийин жөнөкөй балыкчыдан рухий жактан алп, күчтүү жана таштай катуу болорун билген.
Талкуулоо үчүн суроолор
2 сурооЫйсанын биринчи шакирттери кимдер болгон?
Ыйса Петир деген ысымды кимге берген жана бул ысым эмнени билдирген?