
Ыйсанын чөлдө сыналуусу
Ыйык Китеп, Лука, 4-бөлүм, 1-13-аяттар
Кудайдын жана Анын Уулунун айыгышкан каршылашы шайтан болгон жана ушул күнгө чейин ошондой бойдон калууда. Ыйса Машаяк аны менен катуу күрөшкө кирген. Бул күрөш Ал Иорданда, Асмандагы Атасынан жердеги кызматты башташ керек, деген тапшырма алгандан кийин эле, дароо башталган. Ошондо Ал шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.
Ыйса кырк күн, кырк түн чөлдө орозо кармады, ал ушул убакыттын ичинде эч нерсе жеген да, ичкен да жок.
Адамдарды дайыма күнөөгө түртүүгө аракет кылып жүргөн шайтан Ага да келди. Ыйса катуу ачка болуп алсырап калгандыктан, азгыруучу Аны алдай алам деп ойлоду. Ошондо ал максатына жетмек - эгерде Куткаруучу күнөө кылса, Ал эч качан башка адамдардын күнөөсүн Өз мойнуна ала албай калат эле. Натыйжада, адамдар эч качан түбөлүк өмүргө ээ боло алмак эмес.
Ошондо шайтан:
- Эгер Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштар нанга айлансын деп буюрчу!
Бирок Ыйса ага мындай деп жооп берди:
- Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт.
Ошондо шайтан Ыйсага каршы эч нерсе айта алган жок. Анан ал Аны дагы бир жолу азгырууга аракет кылды. Ал Ыйсаны абдан бийик тоого алып келип, дүйнөнүн падышалыктарын жана алардын даңкын көрсөтүп, текебердене мындай деди:
"Ыйса Ыйык Рухка толуп, Иорданданкайтып келгенден кийин, Рух тарабынан чөлгө алынып барылды". Лука 4:1
- Эгер мага таазим кылсаң, мунун баарын Сага берем.
Ага Ыйса мындай деп жооп берди:
- Жогол нары шайтан, анткени Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, деп жазылып турат.
Ошондон кийин шайтан Ыйсаны Иерусалимге алып келип, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:
- Эгер сен Кудайдын Уулу болсоң, анда ушу бийиктиктен ылдый секирчи. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет” - деп, жазылган.
Ыйса Теңир Ыйык Китепти туура эмес чечмелеген ибилис менен талашкан жок. Ал Ыйык Жазууда жазылган сөздөр менен жооп берди: «Кудай-Теңириңди сынаба».
Ошондо Ыйсанын жанынан шайтан эч ийгиликсиз кетти.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооШайтан эмне үчүн Теңирибиз Ыйсанын кызматын бузууга аракет кылган?
Ыйсаны чөлгө Ким алып барган?
Шайтан Ыйсаны кайсы үч азгырык менен азгырган? Ыйса кандай жооп берген?