Ыйсанын чөмүлдүрүлүшү

Ыйсанын чөмүлдүрүлүшү

Ыйык Китеп, Лука, 3-бөлүм, 1-18, 21-22-аяттар

Захария менен Элизабеттин уулу Жакандын төрөлүшүн да Жебирейил периште пайгамбарчылык кылган. Кудай Жаканга өзгөчө кызматты берген. Ал чоңоюп, Жүйүт чөлүндө жашаган.

Анын рухий ой жүгүртүүсүнө эч нерсе тоскоол болбошу үчүн ал чөлгө кеткен, ал толук тынчтыкта болуп, Кудайдын үнүн уккусу келген.

- Иорданга бар да, ошол жерде кабар айт! – деген Кудайдан Жаканга сөз болду.

Ошондой эле, Теңир ага эмнени кабарлоо керектигин айтты.

Жакан Кудайдын тилин алып, Ал бар деген жакка жөнөдү. Ал жерде айыл-кыштактарда жашаган бардык адамдарга кайрылды:

Тобо кылгыла! Жашооңорду өзгөрткүлө! Кудайдын Падышачылыгы жерге да келет! Ана-мына дегиче эле келип калат, даярдангыла! Азыркы боюнча калганыңар болбойт!

Башында, анын чакыруусу элге бир кызыктай сезилип жаткан. Кээ бирөөлөр аны шылдыңдап күлүшсө, башкалары анын сөздөрүнө кыжырланып жатышкан. Бирок бул киши Кудайдын Сөзүн айтып жатат деп ойлогондору да болгон.

- Чөмүлдүрүүдөн өткүлө! – деп Жакан элдерди чакырды. - Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жатам. Бул: сууга жуунуп, денеңердин кирин кетириш үчүн эмес, эски күнөөкөр жашооңорду таштап, жаңы таза жашоого убада бергениңерди билдирет. Чөмүлүү - жаңы жашоонун башталышы.

Көптөр чөмүлүүнү алышып, досторуна жана тааныштарына мындан ары жаңы жашоону баштай турганын айтышты. Алардын сөздөрү уккандардын кызыгуусун жаратып, ошол Жакан менен жакындан таанышууга кызыгуу жаратты.

Кээ бирөөлөр Жаканга мындай суроо беришти:

- Бизге кулак салчы! Адамдарды чөмүлдүргөнгө, жашооңорду өзгөрткүлө деп талап кылганга ким укук берди сага? Сен пайгамбарлар айткан Кудайдын Уулусуңбу?

- Жок, - деп жооп берди Жакан, - Мен силер айтып жаткан Киши эмесмин. Көп жылдар мурун Ышайа пайгамбар мен жөнүндө: «Теңирге жол даярдаш үчүн, ээн талаада жар салган адамдын үнү угулду», — деп айткан. Мен силерди сууга чөмүлдүрүүгө келдим. Бирок силер күтүп жаткан Бирөө Ыйык Рухка чөмүлдүрөт. Ал менден да Күчтүү болгондуктан, мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын.

Жакан сүйлөп жатып, Ыйсанын аны көздөй келе жатканын байкады. Баары артка жылып, Аны өткөрүү үчүн жол бошотуп жатышты. Ошондо Жакан мындай деди:

Мына, дүйнөнүн күнөөлөрүн мойнуна ала турган Кудайдын курмандык Козусу! Бүгүн пайгамбарчылык аткарылды. Мына, мен айткан Киши келе жатат! – деп пайгамбар Ыйсаны көрсөттү.

Ыйса Жаканга жакын келип мындай деди:

- Мен сенден чөмүлүү алыш үчүн келдим.

- Мен Сени чөмүлдүрүшүм керекпи?! – деп таң калды Жакан. – Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек да!

- Жакан, азыр ушундай кылуубуз абзел. Бул Кудайдын каалосу.

Экөө тең Иорданияга киришти. Жакан Ыйсанын башына колун коюп, башка адамдарды чөмүлдүргөндөй эле, Аны да сууга чөмүлдүрдү. Бирок кереметтүү бир нерсе болду. Ыйса суудан чыкканда, Кудайдын Руху көгүчкөн сыяктуу Ага түштү. Анан баары бир үндү угушту:

- Бул Менин Сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын!

Жакан ага тапшырылган кызматты аткарды. Ал Куткаруучу келерин элге жарыялады. Мына, Назареттик Ыйса, Кудайдын Уулу! Бирок, бул бардык жүйүттөр дароо эле Теңирге ишенип калышты дегенди билдирбейт. Жок, алардын кээ бирөөлөрү гана Аны өзүнүн Теңири катары кабыл алды.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жакан көп жылдар бою каякта жашаган?

  2. Ага адамдарды чөмүлдүр деп, Ким айткан? Күнөөнү ким «жууй» алат?

  3. Ыйса чөмүлтүлгөндө, Кудай Ата асмандан эмне деген?

55. Ыйсанын чөмүлдүрүлүшү00:00 / 03:58