
Ыйса үй-бүлөдө
Ыйык Китеп, Лука, 2-бөлүм, 40-52-аяттар
Ыйса, Назареттик жыгач уста Жусуптун үйүндө чоңоюп жатты. Ал 12 жашка чыкканда ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына алып барышты.
Жүйүттөр жыл сайын Пасах майрамын белгилешкен жана бул майрамды кубаныч менен күтүшкөн. Алардын айрымдары Иерусалимге көп күндүк жол жүрүп, башка шаарлардан келген жүйүттөр менен чогуу ийбадаткананын салтанаттуу майрамына катышышкан. Ал жерде алар өз элин сүйгөн жана аларга көп жардам берген Кудайды даңкташчу.
Бардыгы абдан кубанычтуу маанайда болушчу, айрыкча он экиге чыккан балдар. Анткени алар биринчи жолу бул салтанаттуу майрамга катышуу укугун алышкан.
Бул жолу Ыйсанын ата-энеси аны ээрчитип, кошуналары менен чогуу Иерусалимге жөнөштү. Жолдо Ал эмнелерди гана көрүп укпады дейсиң! Иерусалимге бараткан жол аябай кызыктуу болду, бирок шаардын көрүнүшү анын элестеткенинен да ашып түштү. Кереметтүү ийбадаткана жана миңдеген кубулжуган үндөр. Ыйсаны, биринчи кезекте, ийбадатканадагы кызмат кылуу расмиси кандайча өткөнү кызыктырды. Ыйсанын ата-энеси ар бир кылган иштин жана үрп-адаттын маанисин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп жатышты.
Майрам жети күнгө созулду. Андан кийин башка шаарлардан келген адамдар жолго чыгууга даярдана башташты. Мариям менен Жусуп Уулун издей башташты, бирок эч жерден таппай коюшту. Анан кошуналар менен кеткен болуш керек деген ой менен, эч кабатырланбастан эле жолго чыгышты. Анткени Ал көп учурда алар менен жүрчү,. Кечке жуук алар Назареттен келген кошуналарын кууп жетишти. Бирок алардын арасында Ыйса жок экенин билишкенде, аябай коркуп кетишти! Эми эмне кылуу керек? Иерусалимге кайра кайтыш керек! Алар Аны болгон бардык жерден издеп, ар кимден он эки жашар баланы көргөн жоксуңарбы деп сурап жатышты. Ал жакта он эки жашар балдар көп болчу, сураган адамдар Ыйсаны айтып жатыштыбы же ал эмеспи биле алышкан жок. Ошондой эле алар Ыйса азыр кайда экенин айта алышпады. Эми Ыйсаны кайдан издеш керек?
Жусуп менен Мариямды барган сайын коркунуч басты. Алардын тынчы кетти. Акыры, алар дагы бир жолу ийбадатканага барып, имараттын мыйзам окутуучулары Ыйык Жазууну талдаган жагын карап көрүүнү чечишти. Ыйсаны ошол жерден табабыз деп ойлошкон жок. Анткени, кичинекей Бала акылмандардын арасында эмне кылмак эле?! Анын үстүнө, алардын сөздөрүн түшүнө албай, тажап да кетмек.
Бирок, баары чындыгында башкача болуп чыкты: алар Уулун дал ошол жерден табышты. Мариям менен Жусуп көргөн көздөрүнө жана уккан кулактарына ишене албай жатышты. Ыйса мыйзам окутуучуларга абдан оор суроолорду берип жатыптыр, алар болсо араң деп жатып, жооп таап жатышкан экен. Бирок алар Ыйсадан бир нерсе сурашканда, аларга абдан акылмандык менен жооп берип жатыптыр. Ар бир жооптон кийин акылмандар таң калып баштарын чайкап, бул баланын ушунчалык акылмандыгына айран-таң калып жатышты.
Мариям менен Жусуп кубаныч менен Уулун кучакташты. Анан энеси сурады:
- Кайда жүрдүң? Биз сени аябай издебедикпи! Ыйса мындай деп жооп берди:
- Мен бул жерде болчумун. Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?
Бирок, Жусуп да, Мариям да Анын айткандарын түшүнүшкөн жок. Алар Уулун алып, Назаретке жөнөштү.
Жыл сайын Ыйсанын акылы арта берди. Ал ата-энесин жакшы көрчү. Андан аркы он сегиз жыл ичинде алардын тилин алып, колунда болду. Энеси Мариям Аны ийбадатканадан тапканда айткан сөзүн жүрөгүнө бекем сактап, анын мааниси тууралуу көпкө ойлонду.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооЖүйүттөр Иерусалимге кайсы майрамда барышы керек эле?
Балдарды ийбадатканага Пасха майрамында канча жашында алып барышкан?
Жусуп менен Мариям Ыйсаны жоготкондо Ал кайсыл жерде болгон жана ал жерде эмне кылып жүргөн?
Ыйса ийбадатканага биринчи жолу баргандан кийин дагы канча жыл Назаретте ата-энесиникинде жашаган?