
Даниел Дария падышанын сарайында
Ыйык Китеп, Даниел, 6-бөлүм
Кореш Мадай менен Персияга падышалык кылып калды, ошондо ал мадайлык Дарийди Бабылга падыша кылып дайындаган. Дарий пашычалыкты башкарууга жүз жыйырма дубан башчы коюуну туура тапты. Ал эми алардын үстүнөн үч төрөнү койду. Алардын бири Даниел эле. Дарий падыша Даниелди абдан баалачу, бирок сарайда анын ийгилигине ичи тар адамдар болгон. Даниелден кутулуу үчүн алар бир шылтоо издей башташты. Ошондо алар падышага келип, мындай дешти:
- Дарий падыша! Түбөлүк жаша! Сен күчтүү, кудуреттүү жана боорукер падышасың. Бардык адамдар Сенин ырайымың менен жашап жатышат. Бирок көптөрү бул тууралуу билишпейт. Ошондуктан, сенин ырайымыңды баарына жарыялоону чечтик. Отуз күндүн ичинде бардык эл сенден башка эч кимге кайрылышпасын. Бир нерсе тууралуу адамдан эмес, Кудайдан да эмес, бир гана сенден сурашы керек. Ошондо сенин канчалык боорукер жана ырайымдуу экениң баарына белгилүү болот.
- Бул жакшы ой, - деп чечти падыша, анткени анын көңүлү көтөрүлүп калды. - Мен бул мыйзамга кол коем. Ал эми аны бузган адам арстандар жаткан орго ыргытылсын.