Белшатсардын тою

Белшатсардын тою

Ыйык Китеп, Даниел, 5-бөлүм

Небухаданасар көз жумгандан кийин, Бабыл шаарына Белшатсар падыша болду. Ал той-топурларды жана убакытты сайрандап өткөргөндү ушунчалык жакшы көргөн, керек болсо душмандары Бабыл шаарын курчоого алып жатканда да, ал сарайда чоң той уюштурган.

Өлкөнүн миңдеген төрөлөрү шарап дарыядай аккан тойго келишти. Мас болуп калган Белшатсар, атасы Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыккан, алтындан жана күмүштөн жасалган идиштерди, тойго алып келүүнү буйруду. Падыша жана анын коноктору бул ыйык идиштерден шарап ичип алышып, жасалма буркандарын даңкташты, жана мындай кылуу менен душмандардан куткарылабыз деп ойлошту.

Бир маалда бөлмөнүн ичинде ың-жыңсыз тынчтык өкүм сүрдү. Падыша жана анын коноктору дубалдардын бирине сырдуу сөздөрдү жазган адам колун көрүп, үрөйлөрү учту. Бирок жазылганды эч ким окуп, же түшүнө алган жок. Падышанын өңү бузулуп, тизелери титиреп, бири-бирине урунду. Ал дубалда жазылган сөздөрдүн маанисин биле электе эле, бул нерселердин баары ага жакшылык алып келбей турганын сезип турду.

Ал каздимдерди, төлгөчүлөрдү жана сыйкырчыларды алып келгиле деп, катуу кыйкырды. Белшатсар ким бул жазууну окуп, маанисин түшүндүрө алса, ал ар кандай жакшы нерселерге ээ болорун убада кылган, бирок эч ким булардын маанисин падышага түшүндүрүп бере албай койду. Ошондо, анын энеси Кудайдын руху болгон Даниел деген адам бар экенин айтты. Өз убагында Небухаданасар падыша аны өз жеринин бардык акылмандарынын башчысы кылып койгон эле.

МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН.

Даниелди Белшатсардын алдына алып келишкенде, ага падыша мындай деди:

- Сенде Кудайдын руху, акыл жана бийик акылмандык бар экенин уктум. Бабылдын акылмандары мага бул сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бере алышкан жок. Эгер сен чечмелеп бере алсаң, анда чоң сыйлыктын ээси болосуң.

Бирок Даниел мындай деп жооп берди:

- Белектериң өзүңдө калсын, ал эми сыйлыгыңды башкага бер! Дубалдагы жазууну ансыз эле окуп, сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берем.

Даниел сөзүн улантты:

- Кудай бардык падышалардан жана элдерден жогору турат. Бирок сен, Белшатсар, Кудайдын алдында моюн сунган жоксуң, тескерисинче текеберденип, одонолук кетирдиң, өзүң, төрөлөрүң жана күңдөрүң менен Кудайдын ийбадатканасынан алынып келген идиштерден шарап ичтиңер. Көрбөгөн же укпаган, күмүш менен алтындан, жыгач менен таштан жасалган “кудайларды” даңктадың. Бирок сага өмүр берген жана бардык жолдоруңду колунда кармап турган Кудайды даңктаган жоксуң. Ошондуктан, Андан колдун манжалары жиберилип, бул жазуу жазылды: МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН.

Бул сөздөрдүн мааниси мындай: «Кудай сенин падышачылык кылган күндөрүңдү эсептеп чыгып, ага чекит койду. Сен таразага тартылып, өтө жеңил болуп чыктың. Сенин падышачылыгың бөлүнүп, мадайлыктар менен персиялыктарга берилди».

Ошол эле түнү Каздим падышасы Белшатсар өлтүрүлүп, Персия падышасы Кореш тарабынан басып алынган. Ошентип, улуу Бабыл падышачылыгынын аягы келди.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Белшатсар падыша Бабылды курчоого алган учурда эмне менен алек болгон?

  2. Тойдо шарапты кайсыл идиштер менен ичишкен?

  3. Белшатсар менен анын жанындагылары кандай көрүнүштү көрүшкөн? Маанисин Белшатсарга ким түшүндүрүп берди?

  4. Белшатсардын негизги көйгөйү эмнеде болгон? Аягында ага эмне болду?

46. Белшатсардын тою00:00 / 03:56