Даниел арстандар жаткан ордо

Даниел арстандар жаткан ордо

Ыйык Китеп, Даниел, 6-бөлүм

Мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамы, кайрадан башкача болуп бузулбастыгы менен айырмаланган. Ал турсун, мыйзамга кол койгон падышанын өзү да аны өзгөртүүгө укугу жок болчу. Даниел бул жаңы мыйзамга кол коюлганын дароо эле билди. Ошого карабастан, ал адаттагысындай эле күн сайын үч маал тизе бүгүп, Кудайга сыйына берди. Ал сыйынган бөлмөнүн терезелери, ачык болгондуктан, падыша сарайында кызмат кылуучуларга анын үнү даана угулуп турду. Төрөлөр анын бөлмөсүнө жулунуп кирип келип, аны кармап кетишти.

Көп өтпөй алар Дарий падышанын алдына келип, көргөн-билгендерин ага төкпөй-чачпай айтып беришти. Падыша абдан капа болду.

- Мындай болушу мүмкүн эмес! — деп кайгырды падыша. - Силер эң мыкты башкаруучуга жана менин досума жалаа жаба албайсыңар... Мен буга жол бербейм!

- Бирок, улуу падыша, биз ага эч кандай жамандык каалабайбыз! – деп, алардын бири жооп берүүгө батынды. – Бирок, муну мыйзам талап кылып жатат.

- Сен калп айтып жатасың! – деп ачууланды падыша. - Силер Даниелди жок кылгыңар келгендиктен, бул мыйзамга кол коюуга мени көндүрдүңөр! Менин көзүмдөн жоголгула!

Дарийдин айласы кетти. Эртеден кечке ойго батып, башчылар жана достору менен кеңешти. Бирок бул мыйзамды кантип өзгөртүүнү эч ким билбей койду. Көңүлү чөккөн Дарий падыша арстандардын орунун алдында турган Даниелге келди. Кылмышкер өлүм жазасына тартылганда, арстандар аларга ыргытылган адамдарды бат тытмалап жеп салышы үчүн, аларга бир нече күн тамак беришчү эмес.

Жүрөгү кысылган Дарий, Даниелдин ийнине колун койюп:

- Сен дайыма кызмат кылган Кудай Өзү сага жардам берсин! Менин колуман эч нерсе келбеди -деди.

Ошондо падыша белги берди, Даниелди арстандардын оруна ыргытышты. Ошол күнү Дарий эч нерсе жебеди, уйкусу да качты. Эртеси таң заардан туруп, арстандардын оруна шашылды.

Даниел! – деп чакырды, титиреген үнү менен падыша. – Сен тирүүсүңбү? Кудайың сени куткарып калдыбы?

Ордон Даниелдин акырын үнү чыкты:

- Ооба, падышам! Менин Кудайым Өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, ошондуктан алар мага эч кандай зыян келтиришкен жок.

Даниелди дароо ордон тартып алып чыгышты, анын денесинен эч кандай жаракат табышкан жок. Падыша өзгөчө кубаныч жана чоң жеңилдикти сезди. Ал сарайга кайтып келип, Даниелдин душмандарын дароо арстандардын оруна ыргытууну буйруду. Анан өз өлкөсүнүн бардык аймактарындагы бардык башкаруучуларга кайрылуу жазды:

- Менин падышалыгымдын бардык аймагында жашагандардын баары Даниелдин Кудайынына табынышсын. Анткени Ал – тирүү Кудай. Ал куткарып, кереметтерди жасай алат. Анын падышалыгы меникинен зор жана түбөлүктүү.

Талкуулоо үчүн суроолор

2 суроо
  1. Даниел Дарийдин жаңы мыйзамын укканда эмне кылды?

  2. Арстандардын оруна ыргытаардын алдында Дарий Даниелге эмне деди?

48. Даниел арстандар жаткан ордо00:00 / 03:26