Күйүп турган меш

Күйүп турган меш

Ыйык Китеп, Даниел, 3-бөлүм

Небухаданасар падыша бат эле Даниелдин Кудайы жалгыз жана чыныгы Кудай экенин унутуп калды. Ал баары табынсын деп алтындан буркан жасатты. Салтанаттуу майрам уюштуруп, көптөгөн конокторду, анын ичинде Даниелдин досторун да чакырышты. Анан музыка башталары менен, баары бурканга таазим кылышы керек деп жарыя салышты, ал эми ким жыгылып таазим кылбаса, ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытылат болчу.

Майрам башталып, музыка жаңырып, үч эврей уландан башкасынын баары жыгылып, алтын бурканга таазим кылышты. Кызматчылар бул тууралуу падышага айтып барышты. Ачууланган Небухаданасар аларды алып келүүнү буйруду да, мындай шарт койду:

- Же силер алтын бурканга табынасыңар, же жалындап күйүп турган мешке ыргытыласыңар! Ошондо силерди менин колумдан кайсы Кудай куткара алат?

Бирок Шадрах, Мейшах жана Абет-Него падышага мындай дешти:

- Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди жалындап күйүп турган мештен куткара алат, падыша, Ал сенин колуңдан да куткарат. Бирок андай болбогон учурда да, биз силердин кудайларыңарга кызмат кылбайбыз жана алтын бурканга табынбайбыз!

Бул сөздөрдү уккан Небухаданасар мешти демейдегиден жети эсе катуу жагууну буйруду. Анан эң күчтүү аскерлерине үч уланды байлап, мешке ыргытууну буйрук кылды. Мештеги от алоолоно жагылгандыктан, Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону ыргыткан адамдар оттун жалынынан өлүп калышты. Ал эми үч жигит байланган бойдон отко ыргытылды.

Эмне болуп жатканын байкап турган падыша, меште таң калыштуу бир нерсе болуп жатканын көргөндө, абдан коркуп кетти. Ал шашылыш тура калып, төрөлөрүнөн сурады:

- Биз отко байланган үч адамды ыргыттык беле?

- Ооба, падыша- дешти алар.

- Бирок мен байланбаган оттун арасында ээн-эркин басып жүргөн төрт адамды көрүп турам! Төртүнчүсү Кудайдын Уулуна окшош экен, - деди Небухаданасар.

Ал мешке чуркап келип:

- Шадрах, Мейшах, Абет-Него, баарынан жогору турган Кудайдын кулдары! Мештен чыккыла, бери келгиле!

Ошондо үчөө от ичинен чыгып, падышага келишти. Падышаны курчап турган кеңешчилердин баары от алардын башынын бир тал чачын да күйгүзбөгөнүн, кийимдери күйбөгөнүн жана аларда ыштын жыты да жок экенин көрүштү. Бул чоң керемет, анткени күчтүү жоокерлер мештин оозунун алдында элемөлүп калышкан.

Небухаданасар болсо жүйүт жаштары ишенген Кудайдын кудуреттүүлүгүн моюнга алууга аргасыз болгон. Ал чын эле мындай деди:

- Өз периштесин жиберип, ага таянган кулдарын куткарган Шадрахтын, Мейшахтын жана Абет-Негонун Кудайына даңк! Алар өздөрүнүн Кудайынан башка эч бир кудайга кызмат кылбай, табынбай, керек болсо өз жандарын берүүгө даяр болушкан!

Небухаданасар үч досту кайра кызмат ордуна кайтарып, чоң сый-урмат менен сыйлады.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Небухаданасар падыша кандай буйрук жарыялады?

  2. Эмне үчүн Даниелдин достору алтын бурканга табынуудан баш тартышты?

  3. Кудай аларды кантип куткарды?

  4. Алардын куткарылышын көргөн Небухаданасар эмне деди?

45. Күйүп турган меш00:00 / 03:30