Даниел жана анын достору

Даниел жана анын достору

Ыйык Китеп, Даниел, 1-бөлүм

Небухаданасардын падыша сарайында бир нече жаш Жүйүт уулдары, падышанын жана төрөлөрдүн тукумдары жашашкан. Бул жаштарга падышанын атайын планы бар эле. Эбегейсиз зор империяны башкаруу үчүн ага жардамчылар керек болгон, ошондуктан ал жигиттерди үч жыл окутууну, каздим тилин жана түрдүү илимдерди үйрөтүүнү буйруду.

Жигиттердин аттары Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария эле. Бирок эч нерсе алардын жүйүт экенин эстетип турбашы үчүн, аларга башка ысымдар берилди: Белтешатсар, Шадрах, Мейшах жана Абет-Него. Достор, туткунда болсо да, өздөрүнүн Кудайына ишенүүнү жана сыйынууну уланта беришти. Эң башынан эле өлүм коркунучуна карабастан, алар падыша дасторконунан берилген тамак-аш жана шарап менен булганбоону чечишти.

Теңир жаштардын кайраттуулугуна, ыймандуулугуна батасын берип, аларга даанышмандык, билим жана окуу жөндөмүн, ошондой эле сулуулукту берген.

Даниел Кудайдан өзгөчө белек алган - Ыйык Рухтун жардамы менен

ал түштөрдү жана аяндарды чечмелей алган.

Бир күнү эч ким түшүндүрө албай койгон Небухаданасардын түшүн ал чечмелеп берген. Падыша буга аябай таң калган, бирок Даниел бул жөндөм Кудайдын ага берген белеги экенин айткан. Ошондо, Небухаданасар Даниелдин чыныгы Кудайын даңктаган.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Небухаданасардын падыша сарайында кимдер жашашты?

  2. Алардын аттары ким болгон?

  3. Жигиттерге карата анын кандай планы бар эле?

  4. Жигиттер кандай чечимге келишти?

44. Даниел жана анын достору00:00 / 01:43