
Туткун
Ыйык Китеп, 2 Падышалар, 24-бөлүм
Сулайман падышанын улуу жана бай өлкөнү башкарганына үч жүз жылдан ашык убакыт өттү.
Ал көз жумгандан кийин падышалык экиге бөлүнгөн. Иерусалим негизги шаар бойдон калды. Ал жерде падышанын сарайы, жана эң негизгиси, Сулайман курган ийбадаткана бар эле. Эми бул жер Жүйүт жергеси деп аталып калды.
Тилекке каршы, падыша да, эл да Кудайдын жолунан бурулуп, Анын осуяттарын аткарбай, бутпарастардын кудайларына, буркандарына табынып башташты. Кудайдын пайгамбарлары элди ашкерелеп, тобо кылууга чакырышкан, бирок эч ким аларды уккан эмес.
Ошондо, өлкөнү каздимдердин басып алышына Кудай жол берди.
Бабыл падышасы Небухаданасар, жүйүттөрдүн эң коркунучтуу душманы болгон. Ал аскерлери менен Иерусалимге келип, падышаны туткунга алып, ийбадаткананын бардык алтындан жана күмүштөн жасалган идиштерин алып, Бабылдагы бутпарастардын кудайынын ийбадатканасына берди. Каздимдер Теңир үйүндөгү жана падыша сарайындагы бардык байлыктарды тоноп кетишти. Талап-тоногондон кийин, падыша сарайын, Теңир ийбадатканасын, ошондой эле бардык чоң үйлөрдү өрттөп салышты.
Небухаданасар жаш балдарды, падышанын уулдарын жана жүйүт төрөлөрүн, жети миң мыкты жүйүт аскерлерин, ошондой эле бардык жыгач усталар менен темир усталарды Бабылга туткунга алып кетишти.
Ошентип, Жүйүт менен Иерусалим Небухаданасарга баш ийип калышты.
Ушундай кылуу менен, Кудай Ага баш ийбеген жана күнөөкөр элин жазалады. Туткунда жүргөн ысрайылдыктар Теңир чыныгы Кудай экенин, ал эми буркандар болсо жасалма кудайлар экенин түшүнүшү керек болду.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооТеңирдин эли Ага ишенимдүү болдубу?
Жүйүттөрдүн негизги душманы ким болуп чыкты?
Бабыл эли Иерусалимди эмне кылышкан?