Нинеби тургундарынын тобо кылышы

Нинеби тургундарынын тобо кылышы

Ыйык Китеп, Жунус, 3-бөлүм

Бир нече жумадан кийин, Жунус чоң шаардын көчөлөрүн аралап, ал жердегилерге пайгамбарчылык кылып жүрдү:

- Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат.

Кызыктуусу, эч ким аны шылдыңдаган жок. Эч ким ага кол салып же коркуткан жок. Тескерисинче, анын сөзүнө эл ишенди. Кудайдын эскерткен сөзү калыс эле: анткени алар көптөгөн элдер менен салгылашып, жамандыктарды жасашкан. Бул кылган жамандыктары үчүн алар жазалана турганын билишкен.

Падыша да пайгамбар жөнүндө жана анын айткандары тууралуу укту.

Бардыгы Кудайга сыйынышсын, - деп буйрук берди. – Ким билет, балким ал бизге боорукердик кылып, кечирим кылар. Ар бир адам орозо кармасын, өкүнгөндүгүнүн белгиси катары кымбат баалуу кийимдердин ордуна зумбал жамынышсын.

Кырк күн өткөндөн кийин, Жунус шаардын маңдайындагы адырлардын бирине барып, Нинебинин талкаланышын көрүш үчүн күтүп отурду. Бирок эч нерсе болгон жок. Күн бүтүп кеч кирип калган, бирок Нинебиге дагы деле эч нерсе болгон жок. Ошондо Жунус ачууланды. Ал анда эмне үчүн Кудайдын келе жаткан сотун жарыяды? Нинебинин күнөөкөр тургундары кырылып калса, адилеттүү болмок.

Жунус турган дөңдө күн абдан тийип, ысык болду, бул да Жунустун кыжырын келтирди. Эртеси ойгонгондо ал жаткан жердин жанына бир чоң өсүмдүк өсүп калыптыр. Жалбырактарынын көлөкөсүндө отурган Жунус, өзүн бир топ жакшы сезди.

Бул өсүмдүктү Кудай өстүргөн. Бирок эртеси күнү өсүмдүк куурап калды.

Жунус буга ушунча капалангандыктан, өлүүгө да даяр эле.

Ошондо Кудай ага мындай деди:

- Көрдүңбү, өзүң эмгектенип, өстүрбөгөн өсүмдүккө аябай өкүндүң. Анан Мен кантип көп эл жашаган Нинебини аябайын.

Ошондо Жунус Теңирдин канчалык чыдамдуу жана ырайымдуу экенин, ошондой эле кечирүүгө даяр экенин түшүндү.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жунус Нинебиде эмне жөнүндө кабар айткан?

  2. Нинебиликтер анын айткан сөзүн кандай кабыл алышты?

  3. Теңир Нинебиге эмне кылды?

42. Нинеби тургундарынын тобо кылышы00:00 / 02:22