Жунустун качышы

Жунустун качышы

Ыйык Китеп, Жунус, 1-4-бөлүмдөр

Байыркы убакта падышаларга же бүтүндөй элге Өз сөзүн жеткирүү үчүн Теңир өзгөчө адамдарды – пайгамбарларды тандап алган. Алар Анын буйруктарын аткарыш керек болчу. Ушундай пайгамбарлардын бири Жунус деген киши болгон.

Бир күнү Кудай ага адаттагыдай эмес буйрук берет.

– Жунус, – деди Кудай, –

Нинебиге барып, ошол жерде пайгамбарчылык айт!

Адегенде Жунус туура эмес угуп алдым деп ойлоду. Нинебигеби? Нинеби Ашурдун эң чоң шаары, улуу жана күчтүү коңшу мамлекет болгон. Ал жерде Кудайдын кабарын таратуу мүмкүн эмес! Ал өлкөнүн тургундары аны шылдыңдашат. Ал тургай, сабап же өлтүрүп деле салышы мүмкүн.

- Жок, - деди Жунус, - мен эч качан Нинебиге барбайм!

Кудайдын буйругун аткарбаш үчүн Андан качып, бөтөн жерге жашырынууну чечти. Ал кемеге түшүп, сапарынын акысын төлөп, башка жерге сүзүп кетти.

Башында баары ал ойлогондой жакшы болду, кырсык болот деп эч ким күткөн жок. Бирок алар деңизге чыгышканда, катуу бороон башталды. Толкундар көтөрүлгөндөн-көтөрүлүп жатты.

Кемедегилерди коркунуч басты, качан кеме чөгүп бараткандай сезилгенде, кудайларын чакырып башташты:

- Бизге жардам бергиле! Бизди сактагыла! Кудайлар, бизди уккула!

Бирок бороон токтобостон күчөй берди. А Жунусчу? Ал тирүү Кудайды билет да. Ал да сыйынып жаттыбы? Жок, ал сыйынган жок, анткени өзү тууралуу Кудайга эскерткиси келген эмес. Жунус кеменин түбүнө түшүп, ошол жерге жатып, уктап калды. Ошондо, кеме башчысы ага келип, аны ойготту.

- Тур, Кудайга ишенсең ага сыйын! Чөгүп баратканыбызды көрбөй жатасыңбы?!

Жунус бул бороон-чапкындын ага жана анын качышына кандайдыр бир тиешеси бар экенин сезди. Бирок Кудай менен сүйлөшүүнү каалаган эмес.

Кеме айдоочулардын бири күркүрөгөн толкундардын үнүнө карабай мындай деди: Келгиле, өкчөмө таш ыргыталы, Мунун бары кимдин айынан болгонун, ошондо билебиз.

Өкчөмө таш Жунуска түштү.

- Сен кимсиң, айтчы, сени менен бизди да Кудай жазалагандай эмне кылдың?

– Мен асманды, жерди жана деңизди жараткан тирүү Кудайга кызмат кылам, – деди Жунус. - Бирок, мен азыр Андан качып бара жатам. Ал мени Нинебиге жибергенде, мен ал жакка баргым келбей койгон.

Кемени башкаруучулар аны менен эмне кыларын билбей унчукпай калышты.

- Мени алып, деңизге ыргыткыла! — деди Жунус. - Ошондо бороон токтойт. Анткени бул алаамат менин айымдан болуп жатат.

- Жок, - дешти алар, - биз мындай жолго бара албайбыз.

Бирок алардын бардык аракеттеринен майнап чыкпасына көздөрү жеткенде, Жунустун Кудайын билишпесе да, Андан кечирим сурашып, Жунусту сууга ыргытып жиберишти.

Ошол замат бороон басылды. Биринчиден, кеме айдоочулар буга ишене албай турушту, андан кийин алар тизелеп жыгылып, чыныгы Кудайга сыйынышты.

Ал эми Жунуска эмне болду? Ал чөгүп кеттиби?

Жок! Кудай пайгамбарынын өлүмүн каалаган жок. Ал Жунустун Нинебиде Кудайдын Сөзүн айтуусун каалаган. Ошондуктан Кудай Жунуска чоң балык жиберди, ал пайгамбарды жутуп алды. Жунус балыктын ичинде үч күн жана үч түн болду. Бул убакыт бою ал Теңирге сыйынды. Ошондо Теңир Жунусту кургактыкка бүркүп салууну балыкка буйруду.

«Кудай кандай гана кудуреттүү! – деп ойлоду Жунус жээкке чыгып. - Ал бороон-чапкынга жана деңиз жаныбарларына буйрук бере алат, алар Ага баш ийишет».

Ошентип, Ал дароо Нинебиге жөнөдү.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Эмне үчүн Жунус Нинебиге баргысы келген жок? Ал кантип жана кайда качкан?

  2. Бороон эмне үчүн башталды?

  3. Эмне үчүн бороон басылды? Жунус кантип жээкке чыгып калган?

41. Жунустун качышы00:00 / 04:15