
Кудайга арналган үй
Ыйык Китеп, 1 Падышалар, 5—8-бөлүмдөр
Теңир Сулаймандын падышачылыгына батасын берди. Өлкөдө бакубатчылык жана бардык курчап турган коңшу элдер менен болгон тынчтык өкүм сүрүп турду. Бирок Сулаймандын алдында чоң милдет турган – бул Теңирге ийбадаткана куруу.
Ысрайылдыктар ийбадаткананы Мисирден чыккандан кийин, төрт жүз сексен жылдан кийин кура баштады. Сулайман атасы Дөөттүн досу, Тир менен Сидон падышасы Хирам менен тынчтык келишимин түздү.
Алар курулуш үчүн керектелүүчү баалуу жыгачтарды жана таштарды Хирам падышасы берерин, ал эми анын ордуна Ысрайыл падышасы дан менен камсыз кылууну макулдашышты. Ийбадаткананын курулушу жети жыл бою уланган. Ал Дөөт Сулайманга калтырып кеткен план боюнча курулган. Ал эми ийбадаткананын орду да Дөөт тарабынан көрсөтүлгөн, ал Мориа тоосу болгон, бир кезде бул жерде Ыбрайым Кудайга ишенимин далилдеген жана Кудай Ыскактын өмүрүн сактап калган.
Ийбадаткана эки негизги бөлүктөн турган, алар «Ыйык» жана «Ыйыктын Ыйыгы» деп аталган. Келишим сандыгы жайгашкан Ыйыктын Ыйыгы башка бөлмөлөргө караганда өйдөрөөк жайгашып, калың көшөгө менен бөлүнүп турган.
Ыйыктын Ыйыгында терезелер жок болгон, анткени ал караңгы болуп туруш керек болчу. Ыйык Китеп ал жерди «Кудай менен сүйлөшө турган жер» деп атайт, анткени ал жерде Кудай көзгө көрүнбөгөн түрдө болуп турган.
Ийбадаткананын курулушу аяктагандан кийин, ал салтанаттуу түрдө ыйыкталды. Сулайман Теңирдин келишим сандыгын ийбадатканага киргизиш үчүн Ысрайылдын бардык аксакалдарын, башчыларын жана уруу башчыларын чогултту. Ыйык кызматчылар келишим сандыгын Ыйыктын Ыйыгына алып киргенде, булут түшүп, бүт ийбадаткананы толтурду.
Ошентип, Теңир Ысрайыл уулдарынын арасында экенин жана бул нерсеге ыраазы экенинин ачык билдирди!
Эми Сулайман ийбадаткананын курулуш иштеринин бардыгы Теңирге жакканына ишенди.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооХирам падыша Сулайманга эмне үчүн жардам берген?
Ийбадаткананын курулушу канча убакытка созулган?
Ийбадатканадагы Ыйыктардын Ыйыгы эмне үчүн болгон?
Келишим сандыгы ийбадатканага киргизилгенде эмне болду?