
Сулайман акылмандуулукту тандады
Ыйык Китептин, 1 Падышалар, 2,3-бөлүмдөр
Дөөт падыша өлөр алдында ысрайылдыктардын бардык башчыларын Иерусалимге чогултуп, аларга жыйын чатырдын ордуна Теңирге ийбадаткананы куруу планы менен бөлүштү. Бирок Теңир буга жол берген жок, анткени Дөөт көп согушкан болчу.
Уулум Сулайман Теңирге ийбадаткана курат, - деди Дөөт. – Эгер уулум Кудайдын осуяттарын аткарса, Теңири аны менен болуп, падышачылыгын колдойт.
Дөөт бардыгына Теңирдин келишимдерин сактоону жана Ага бүт жүрөгү менен кызмат кылууну буйруду. Ошондо бүт төрөлөр, ошондой эле Дөөттүн башка бардык уулдары жаңы падыша Сулайманга баш ийүүнү убадалашышты.
Кудай Сулайманга батасын берип, ал күчтүү падыша болду. Аны кол алдындагылар гана эмес, коңшу жерлердин элдери да жакшы көрүп, урматташкан.
Өзүнүн падышачылыгынын башында Сулайман терең момундук менен Теңирге курмандык чалды. Түн ичинде Сулаймандын түшүнө Кудай кирип, жаш падышага мындай деди:
- Сура, сага эмне берейин?
Сулайман мындай деди:
- Сен өз кулуң Дөөткө, менин атама ар дайым зор таяныч болдуң жана мени анын ордуна падыша кылдың. Бирок мен жашмын, көп нерсени билбейм, ошондуктан Сенден суранам: Өз элиңди башкара алышым үчүн, жаман менен жакшыны ажырата алышым үчүн кулуңа акылдуу жүрөк бер; анткени Сенин көп сандуу элиңди ким башкара алат?
Теңир мындай деп жооп берди:
- Сен Менден байлык жана узун өмүр сурабай, акыл сураганың үчүн, каалооңду аткарам. Андан сырткары, Мен сага мурун падышаларда болбогон жана сенден кийин да болбой турган байлыкты жана атак-даңкты берип жатам. Эгерде сен атаң Дөөттөй болуп, Менин жолум менен жүрсөң, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарсаң, Мен сенин өмүрүңдү да узун кылам.
Сулайман ойгонуп, түшүндө убада кылган нерселер үчүн Теңирге ыраазычылык билдирди.
Бир жолу эки аял бир ымыркай бала менен падышага келип, арага түшүп, экөөнүн чырын чечип берүүсүн суранышты. Ошондо алардын бири:
- Биз бир үйдө жашайбыз, экөөбүздүн тең уулдарыбыз бир күндө төрөлгөн. Түндөрдүн биринде бул аялдын уулу чарчап калды. Ал уулунун өлүп калганын көргөндө, менин уктап жатканымдан пайдаланып, өзүнүн өлүк уулун мага жаткызып, менин уулумду алып алыптыр.
Буга башка аял мындай деп жооп берди:
- Жок, менин уулум тирүү, сеники өлүк.
Алар падышанын алдында бири-бири менен талашып-тартышып жатышты.
Бул суроо кыйын болду, бардык угуп тургандар падышанын чечимин күтүп жатышты.
Ошондо, Сулайман кулуна буйрук берди:
- Кылычты алып кел, тирүү баланы экиге бөлө чаап, жарымын бирине, жарымын экинчисине бер!
Баласы тирүү болгон аял кыйкырып жиберди:
- Оо, мырзам! Тирүү баланы тигил аялга эле бер! Бирок өлтүрө көрбө!
Ал эми экинчиси:
- Бөлө чапкыла, бала меники да, аныкы да болбосун!
Ушундай кылуу менен, падыша аялдардын кимиси баланын энеси экенин аныктап, уулун нак энесине кайтарып берди!
Ал эми бул тууралуу бүт Ысрайыл эли уккандан кийин, аны ого бетер сыйлап калышты, анткени анда соттой турган Кудайдын акылмандыгы бар экенине ынанышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭмне үчүн Теңир Дөөттүн ийбадаткана куруусун каалаган эмес?
Сулайман Теңирден эмнени сураган?
Сулайман аялдардын сырын кантип чечкен?