Сион тоосундагы келишим сандыгы

Сион тоосундагы келишим сандыгы

Ыйык Китеп, 2 Шемуел 5: 7—11 бөлүмдөр; 1 Жылнаама 13 15; 16- бөлүмдөр.

Дөөт акыры Кудай убада кылгандай падыша болду. Ал Бейт-Лехемде төрөлгөн, ошол жерде кой кайтарган, бирок Ал такка отургандан баштап, Иерусалимде жашап калды.

Иерусалим укмуштуудай кооз шаар болгон. Ал бир нече дөңдүн үстүндө жайгашкан, алардын бири Сион тоосу деп аталган. Бул дөңдүн үстүнө Дөөт өзүнө ак сарай курду. Ал Кудайды аябай сүйгөндүктөн, Анын келишим сандыгы жанында болушун каалады. Ошентип, Дөөт анын артынан жөнөдү. Дөөттү көптөгөн ыйык кызматчылар коштоп жүрдү. Ысрайыл эли да анын артынан ээрчип, ар кандай музыкалык аспаптарда: арфада, сурнайда, чоордо, жез табактарында ойноп бара жатышты. Ошондой эле алар Кудайды даңктаган ырларды ырдашты. Дөөт да арфада ойноп кыл аспап жана оюнчулар менен бирге бара жатты. Алардын артында ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын келишим сандыгын көтөрүп келе жатышты.

Бул көрүнүш кандай сонун, Кудайдын даңкталышы кандай керемет! Көптөгөн эл аларды тосуп алууга чыгып жатышты. Алар Дөөттүн Кудайды арфа менен даңктаганын угушту. Ошол күнү Дөөт кандай гана бактылуу эле!

Келишим сандыгын дубалдар менен курчалган, дарбазасы бар Сион тоосуна алып келишти. Салтанаттуу марш жакындап калганда, падыша менен келишим сандыгы кириши үчүн негизги дарбазалар кенен ачылды. Дөөт алдын ала буйрук берип, атайын жабыла турган жер даярдап, ал жакка сандыкты коюшту. Ырчылар бир убакта Дөөт жазган салтанаттуу «Теңирди мактагыла!» деген ырды ырдашты. Ошол күнү, Сион тоосунда падыша Кудайга курмандык чалып, Ысрайыл уулдарына батасын берди.

Дөөттү Кудайдын келишим сандыгы анын сарайынын жанында болгону абдан кубантып жатты. Күн сайын ырчылар келишим сандыгынын алдында чогулуп, салтанаттуу ырларды ырдашты.

Дөөт падыша дайыма эле өзүнүн сарайында болгон эмес, ал пелиштиликтер жана Ысрайылдын башка душмандары менен көп согушууга туура келген. Ар дайым, Кудай ага жана анын элине душмандарынын үстүнөн жеңиш берген сайын, ал Сион тоосуна Кудайды даңктап жана ыраазычылык билдирип кайтып келген.

Талкуулоо үчүн суроолор

2 суроо
  1. Дөөт падышанын ак сарайы кайсы шаарда болгон?

  2. Дөөт келишим сандыгынын алып келгенде кубанычын кантип билдирген?

37. Сион тоосундагы келишим сандыгы00:00 / 02:39