Үңкүр

Үңкүр

Ыйык Китеп, 1 Шемуел, 24-бөлүм

Эми Дөөт дайыма өзүнө коопсуз жай издөөгө аргасыз болду. Ал каякта гана болбосун, аны бат эле тааный калышып, ал жөнүндө кабар ошол замат тездик менен жайылып кетчү. Бирок бара-бара Дөөттүн тегерегинде чогулган жоокерлер көбөйө баштады.

Бир күнү алар тоодогу үңкүрдүн алдында жашыруун отурушканда, аларды көздөй жакындап келе жаткан көп аскерлерди көрүштү.

Бул Шабул, – деди Дөөт. - Ал мени өлтүрүш үчүн издеп жатат. Жашынгыла!

Жоокерлер бат эле үңкүргө жашына калышты. Үңкүрдүн оозунда турган жан сакчылар да чогуу анын артынан киришти.

- Падыша өзү бул жакка келе жатат, - деди ал толкунданып. - Бул сенин жакшы мүмкүнчүлүгүң, Дөөт! Сен аны өлтүрүп сал! Ал жалгыз сага каршылык көрсөтө албайт. Ошондо үч миң жоокер сага баш ийет.

- Акырын! – деп Дөөт анын сөзүн бөлдү.

Баары унчукпай калышты. Үңкүрдүн түп жагындагы караңгылыкта, алар анын кире беришин чый-пыйы чыга карап турушту. Мына, падыша кийимчен Шабул көрүндү.

- Бул жерде калгыла! – деп Дөөт акырын айтты да, кылдаттык менен алдыга жылды.

Булар жаткан жерден, орсойуп чыгып турган чоң таштын артындагы Шабыл көрүнбөй калды. Дөөт бул кырга сойлоп келгенде, Шабулдун кийиминин этеги көрүнүп калыптыр. Дөөт курч кылычы менен этегин кесип алып, кылдаттык менен артка кайтты.

- Шабулду эмнеге өлтүргөн жоксуң? — деп аскерлер шыбырап сурашты.

- Кудай аны падышалыкка майлаган. Кудай тандаганга, мен кол көтөрө албайм - деп жооп берди Дөөт.

- Бирок Кудай аны эчак таштап, сени тандабады беле!

– Ооба, – деди Дөөт, – ошондуктан, белгиленген убакта тактыга отурушума Кудай Өзү кам көрөт. Мен бул маселени өз колума албашым керек.

Баары кире беришти карап калышты. Падыша үңкүрдөн чыгып кетти.

- Бул жерде калгыла! – деп Дөөт буйрук берди да, падышанын артынан жөнөдү.

Ал көздү уялткан жарыкка чыкканда, Шабул өзүнүн аскерлери менен төмөн жакта жүргөнүн көрдү.

- Падышам жана мырзам! – деп кыйкырып, Дөөт Шабулду падыша катары урматтаганынын белгиси катары жерге таазим кылды. – Мени сага жамандык кылат деп эмнеге ойлодуң? Менде жаңы эле сени өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Ошондо Дөөт кесип алган анын кийиминин этегин жогору көтөрдү. Шабул кийимин шашыла карады. Чынында эле, кийиминен бир кесим кесилген экен. Шабул ыйлап жиберди.

- Сен мага караганда адилсиң! – титиреген үнү менен айтты. - Бул кылганың менен мага жакшылык кааларыңды далилдедиң, а мен болсо сага жамандык ойлоп жаткам. Сен падыша болоруңду мен билдим. Менин үй-бүлөмдү өлтүрбөйм деп сөз бер!

- Сөз берем! – деди Дөөт.

Дөөттүн ак көңүлдүгүнө таң калган Шабул жоокерлерин чакырып, кубалоону токтотууга буйрук берди. Бардык аскерлер артка бурулуп, келген жолу менен артка кайтышты, Дөөт аларды көпкө карап турду.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Дөөт кайсы жерде жашынган?

  2. Дөөт Шабулга кандай мамиле кылган?

  3. Эмне үчүн ал Шабулду өлтүргөн жок?

36. Үңкүр00:00 / 03:34