Дөөт жана Шабул

Дөөт жана Шабул

Ыйык Китеп, 1 Шемуел, 19: 1—10 бөлүм

Бул жеңиштен кийин Дөөт падышанын жанында калды. Ал падыша менен бир дасторкондо тамактанчу, Шабул аны менен сүйлөшүп, кээде Дөөттөн кеңеш сурачу. Убакыт өткөн сайын Дөөт курал колдонгонду үйрөнүп, шамдагай жоокерге айланды. Жигиттин кылган ар бир иши, айткандары Шабулга жана анын сарай кызматчыларына ушунчалык жаккандыктан, акыры аны аскер башчысы кылып дайындап коюшту. Ошондой эле, Дөөт үчүн Шабулдун уулу Жонатан менен да мамиле түзүү маанилүү болгон, анткена алар жакын дос болуп калышкан эле.

Менин курал-жарагымды, кылычымды жана жаамды ал, – деди Жонатан Голийатты жеңген Дөөткө. Бул менин достугумдун белгиси болсун.

Ошол күндөн тартып Дөөт менен Жонатан эң ишенимдүү, жакын жана кайышпас достордон болуп калышты жана экөө тең бул достукту баалашчу.

Ысрайыл эли да Дөөттү жакшы көрүп калды. Бардык адамдар: эркектер, аялдар жана балдар да Дөөттү кайдан көрүп калышса да, Шабул падышага караганда, ага көбүрөөк суктанышканы падышанын ачуусун келтирип, анын ичин күйгүздү.

Бир жолу Шабул менен Дөөт дасторкондо отурганда, падыша күтүлбөгөн жерден ачууланып чыкты. Дөөт Шабулду музыка менен тынчтандырайын деп, гуслини колуна алды. Бирок бул жолу музыка жардам берген жок. Анткени Шабулдун каарына Дөөт себепкер эле. Маңдайында гусли кармап отурган жигитти көрүп, ал өзүн кармай алган жок. Падыша дубалда жөлөнүп турган найзаны алды да, болгон күчү менен Дөөттү көздөй ыргытты. Бактыга жараша Дөөт даяр турган. Ал өзүн көздөй учуп келе жаткан найзаны көрүп, эңкейе калганда, ал башынын үстүнөн өтүп, дубалга сайылып калды. Бул Шабулду ого бетер ачуулантты. Ал экинчи найзаны ала калганда, Дөөт чагылгандын ылдамдыгындай бөлмөдөн качып чыкты, ошондо Шабул аны өлтүрө албай калды.

Дөөтү экинчи көргүм келбейт! - деп кыйкырды падыша.

Ал пелиштиликтер менен бул жерден алысыраак жерде согуша берсин.

Теңир Дөөт менен болгондугун Шабул көрүп, андан коркту. Ошондуктан, ал Дөөттү өзүнөн алыстатты.

Бирок эске алчу нерсе, падыша Голийат менен болгон беттешүүнүн алдында берген убадасын аткарды: Дөөт анын кызы Михалга үйлөндү.

Ошентсе да, Дөөт качууга аргасыз болду, анткени жакын досу Жонатан атасы аны жөн эле өзүнөн алыстатып тим болбостон, өлтүргүсү келгенин да досуна жеткизди.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Шабул менен Дөөткө Жонатан ким болгон?

  2. Эмне үчүн Шабул Дөөттү жек көрө баштаган?

  3. Шабул Дөөткө эмне кылгысы келген?

35. Дөөт жана Шабул00:00 / 02:53