Иордан дарыясынан өтүү

Иордан дарыясынан өтүү

Ыйык Китеп, Жашыя, 3, 4-бөлүмдөр

Эртең менен эрте Жашыя ысрайыл эли менен Иоарданга жөнөдү. Дарыянын жээгине чатырларын орнотуп, андан өтүүгө даярдана башташты. Теңир керемет жасагысы келгендиктен, Жашыя элге биринчи кезекте ыйыкталышы керектигин айтты.

Эртеси күнү Теңир Жашыяга мындай деди:

- Бүгүн Мен Мусага кандай жардам берсем, сага да ошондой жардам береримди элге көрсөтөм. Ыйык кызмат кылуучуларга айт: бутуңар Иорданга кирери менен, келишим сандыгы менен, ошол жерде токтоп тургула!

Ошондо Жашыя ыйык кызмат кылуучуларга, келишим сандыгын көтөрүп алып элдин алдында басууну буйруду. Ал эми элге мындай деди:

- Бүгүн Теңирдин кереметтерин көрүп, араңарда тирүү Кудай бар экенин билесиңер! Келишим сандыгы силердин алдыңарда Иордандын аркы өйүзүнө өтөт. Ар бир уруудан бирден киши алгыла. Алар өзгөчө буйрук алышат! Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буттары Иордандын суусуна кирери менен, суу бөлүнүп: бир жагынан аккан суу дубалдай тирелип туруп калат, ал эми экинчи жагындагы суу агып кетет.

Сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буту Иордан суусуна тиери менен, жогору жактан аккан суу токтоп калды. Дарыянын аркы тарабында, ыйык кызматчылар турган жерден алыс жерде чоң суу дубалдай болуп туруп калды. Ал эми берки жагындагы суу кургап калганча ага берди. Кең жол пайда болду, ошондо ыйык кызматчылар сандыкты дарыянын ортосуна алып барышты. Ошол жерде алар токтоп турушту. Ошентип бүт ысрайылдыктар сандыктын жанынан өтүп, Иордандын аркы өйүзүнө чыгып кетишти.

Теңир Ысрайыл уулдарынын ар бир уруусунун он эки өкүлү, ыйык кызмат кылуучулар турган жерден бирден таш алып, ысрайылдыктар түнөй турган жерге топтошун буйруду. Ал эми Жашыя башка он эки ташты алып, Иордандын түбүнө, ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгынын кармап турган жерге эстелик орнотту.

Бүт эл Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бүткөндө, ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын алып, сайдан чыгышты. Анан алар Иордандан чыгары менен, суу өз нугуна түшүп, жээктеринен ашып-ташып мурункусундай ага баштады. Теңирдин бул кереметине таң калган эл, Жерихо шаарынын чыгыш тарабындагы Гилгалга чатырларын тигишти. Анан Жашыя ошол жерге Иоардандан алган он эки ташты коюп, Ысрайылдыктарга мындай деди:

- Силердин уулдарыңар: «Бул таштар эмнени билдирет?» -деп сурап калышса: «Иордан суусу Кудайдын келишим сандыгынын алдында бул жерде экиге бөлүнгөн» - деп жооп бергиле. Бул таштар Ысрайыл эли үчүн түбөлүк эстелик болсун, ошондо жер жүзүндөгү бардык элдер Теңирдин колу күчтүү экенин билишет! Жана силер өмүрүңөр өткөнчө Кудай-Теңириңерден коркуп турасыңар!

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Келишим сандыгын көтөрүп алып, элдин алдында кимдер басыш керек эле?

  2. Иордан дарыясына эмне болду?

  3. Иордан дарыясынын жээгинде кандай эстелик орнотулду? Ал эмнени билдирет?

28. Иордан дарыясынан өтүү00:00 / 03:19