
Жерихонун кыйрашы
Ыйык Китеп, Жашыя, 5, 6-бөлүмдөр
Ысрайылдыктардан коркуп, Жерихо шаарынын тургундары шаардын дарбазаларын жаап салышты. Андан эч ким чыккан да жок, ага эч ким кирген да жок.
Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди:
- Мына, Мен Жерихону, анын падышасын жана андагы эң күчтүү адамдарды сенин колуңа берип жатам. Жоокерлериң алты күн бою шаарды айлансын. Жети ыйык кызмат кылуучу болсо, Теңирдин келишим сандыгынын алдында жети сурнайды колдоруна алып басышсын. Ал эми жетинчи күнү шаарды жети жолу айланып, ыйык кызматчылар сурнайларын тартсын. Ушул күндөрү эч ким үн катпасын, сенин буйруганда гана бүткүл эл катуу үн менен кыйкырсын, ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт. Ошондо бүт эл, алардын ар бири өз жагынан шаарга кирсин.
Жашыя ыйык кызмат кылуучулар менен аскерлерге Кудайдын буйруктарынын бардыгын айтып берди. Ошондой эле бардык алтын-күмүш, жез, темир нерселер Теңирге арналганын айтты. Анан Жериходон эч нерсе албагыла деп элди эскертти, анткени анын жазасы өлүм болмок.
Ысрайыл эли бардыгын Теңир айткандай кылды.
Ысрайылдин аскерлери жер чалганы чыгышты. Алдыда сурнай тарткан жети ыйык кызматчылар, алардын артында келишим сандыгын көтөргөндөр, ал эми алардын артында сурнайларын тарткан ысрайылдыктар басты. Жашыя өзгөчө буйрук болмоюнча унчукпоону эскертти.
Алты күн бою жүрүштүн катышуучулары унчукпастан, күнүнө бир жолу шаарды айланып чыгып жатышты. Жетинчи күнү эртең менен алар кайрадан унчукпастан Жерихону айланып баса башташты, болгону ыйык кызматчылар гана сурнайтартып жүрүштү. Эл шаарды жетинчи жолу айланып чыкканда, ыйык кызматчылар сурнайларын тартканда, Жашыя:
- Кыйкыргыла! -деп буйрук берди.
Ошондо бардык аскерлер катуу үн менен кыйкырышты. Ошол маалда шаардын дубалдарыы титиреп, андан чоң таштар түшүп, көп өтпөй күчтүү дубал урап калды. Бир гана Рахаптын үйү турган дубал урабастан сакталып калыптыр.
Ысрайылдыктар туш-тушунан шаарга бет алып, аны тез эле басып алышты.
Жашыя мурунку чалгынчыларга, Рахапты жана анын үй-бүлөсүн ага убада кылынгандай, үйүнөн алып келүүнү буйруду. Жигиттер аларды таап, Гилгалдагы ысрайылдыктардын кошуунуна алып барышты. Ошондо Жерихо толугу менен талкаланды.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫсрайылдыктар канча күн Жерихону айланып басыш керек эле?
Алардан алдында ким баскан? Алар канчоо эле?
Эмне үчүн Рахап жана анын үй-бүлөсү куткарылган?