
Раап жана чалгынчылар
Ыйык Китеп, Жашыя, 1, 2-бөлүмдөр
Муса көз жумгандан кийин, Жашыя Ысрайыл элин убадаланган жерди басып алууга даярдай баштаган. Кудай Жашыяга, осуяттарымды аткарып, Мага баш ийсең, жардам берем деп убада кылган.
- Бекем жана кайраттуу бол, кайда барсаң да, сенин Кудайың сени менен! – деди Теңир.
Ошондо Жашыя элге үч күндүк жолго тамак даярдоону буйруду, анткени алар Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө өтүшмөк. Бул Кудай аларга берем деген жер, ошондуктан ал убадаланган жер деп аталды.
Жашыя өтө этият кол башчы эле. Ал адегенде жерди, өзгөчө, Жерихо шаарын байкап келе турган эки чалгынчыны жиберүүнү чечти. Жигиттер шаарга кирип, Рахап деген аялдын үйүнө түнөштү, анын үйү шаардын дубалында болчу.
Бул тууралуу Жерихо падышасы өзүнүн кызматчыларынан угуп калып, ысрайылдыктарды камакка алууну буйруйт. Бирок Рахап аларды үйүнүн чатырына жашыра калып, падышанын кишилерине мындай деди:
- Ооба, мага бирөөлөр келишкен. Бирок мен аларды тааныбайм. Кечкирери менен, алар чыгып кетишкен. Тезирээк артынан түшсөңөр, силер аларды кууп жетесиңер.
Падышанын кишилери ысрайылдыктарды кууп жөнөштү, Рахап чатырдагы конокторуна чыгып, мындай деди:
- Теңир бул жерди силерге бергенин билем. Бүт Жерихо эли силерден коркуп жатышат. Силер Мисирден чыкканда Кызыл деңиз экиге бөлүнгөнүн жана Теңир кандай керемет кылганын уктук. Бизди коркунуч басты, анткени силердин Кудай-Теңириңер, асман менен жерди башкаруучу Кудай. Эми мен силерге жакшылык кылгандай, мени жана менин үй-бүлөмдү өлүмдөн куткарып калабыз деп, сөз бергиле. Мага белги бергиле.
Чалгынчылар Рахап жана анын үй-бүлөсү аман калат деп, сөз беришти. Ошондо ал чалгынчыларга аркан менен терезеден түшүп кетүүгө жардам берди. Ысрайылдык жигиттер түшүп бара жатып, Рахапка өздөрү түшкөн терезеге кызыл жип байлап кой деп айтышты. Бул аны жана анын үйүндө чогулган бардык үй-бүлөсүн куткарып кала турган белги болуп эсептелмек. Ошондон кийин жигиттер шаардан чыгып кетишти.
Алар аман-эсен Жашыяга кайтып келишип, эмне болгонун айтып берип жатып:
- Кудай бүт жерди биздин колубузга бериптир, анткени бүт Жерихонун тургундары бизден корккондуктан титиреп жатышыптыр, - дешти.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооТеңир Жашыяга эмнени убада кылган?
Жашыя Канаан жерине кирер алдында эмне кылган?
Чалгынчылар кантип аман калган?