
Жез жылан
Ыйык Китеп, Сандар, 21: 4—9 бөлүм
Ысрайыл эли чөлдө узак жол жүрдү. Кээде, алар Канаан жерине жакындап калганда, булут башка тарапка жылып, ысрайылдыктарга кайрадан чөлгө кайтууга туура келген. Бул аларды абдан капа кылды, анткени алар убадаланган жерге кирүүнү абдан каалашкан.
Эгерде эврейлер чөлдө наалышпаса, Теңир аларды эбак эле Канаанга алып бармак, бирок жаза катары аларды ал жакка жолотподу.
Бир күнү алар дагы бир жолу Кудайга жана Мусага каршы чыгышты:
- Эмне үчүн бизди Мисирден алып чыктыңар? Биз чөлдө ачкадан өлөбүз. Бул жерде нан да, суу да жок, маннадан көңүлүбүз калып, көргүбүз келбей калды.
Элдин анткендиги үчүн Кудай аларга катуу жаза катары уулуу жыландарды жиберди. Жыландар адамдарды чагып, анын уусунан көптөр өлүп жатышты.
Ошондо Ысрайыл эли өкүнүп, Мусага мындай дешти:
Биз Теңирге жана сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык. Теңирге сыйынчы, ал жыландарды жоготсун.
Муса эл үчүн сыйынды. Ошондо Кудай анын сыйынуусун угуп, ага буйрук берди:
- Жезди алып, андан жыландын сөлөкөтүн жаса. Аны шыргыйга кадап коюп, элге айт, жылан чаккандардын баары жез жыланды карашсын, ошондо алар аман калат.
Ошентип, жылан чаккан ар бир адам, стандын кайсыл жеринде болбосун, жез жыланды карап жатты. Бул болсо, алардын аман калышы үчүн, ден соолугу калыбына келип, мурункусундай эле жашай бериши үчүн жетиштүү болду. Теңирге ишенип, жез жыланды караган ысрайылдыктар оорусунан айыгып, Кудайды даңктап жатышты. Бирок, тилекке каршы, баары эле буга ишенишкен эмес. Алар ишенбей, жез жыланды карашкан жок, ошондуктан өлүп жатышты. Өмүрдү жез жылан эмес, Кудай берген! Элден болгону, ишеним жана Кудайдын куткарылуу ыкмасын кабыл алуу эле талап кылынган.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЧөлдө көп жүргөн Ысрайылдыктар эмне кылышкан?
Кудай аларды кантип жазалады?
жылан чаккан адамдар айыгышы үчүн Кудай эмне кылууну буюрду?