
Синай тоосу
Ыйык Китеп, Мисирден Чыгуу, 19; 20; 24; 31:18 бөлүмдөр
Ысрайылдыктар тоонун түбүнө чатырларын тигишти, анткени булут мамы ошол жерде токтоп турган эле. Кудай Мусага өтө маанилүү нерсени ачып бергиси келди, ошондо тоого чыгууну буйруду. Муса тоого чыкканда, Кудай мындай деди:
- Мен ысрайыл уулдарына ырайымдуулук көрсөтүп, аларды Мисир жеринен алып чыкканымды көрдүңбү? Барып, сура, алар Менин осуяттарымды аткаргылары келеби?
Муса тоодон түшүп, аларга Кудайдын үнүн угууга даярсыңарбы деп сурады? Алар мындай деп жооп беришти:
- Ооба, Теңир айткандын баарын аткарабыз.
Ошондо Муса кайрадан тоого чыгып, элдин жообун Кудайга айтты:
- Ысрайыл Сенин бардык осуяттарыңды аткарам дейт.
Кудай мындай деди:
Мен алар менен сен аркылуу сүйлөшөм, Муса. Элге барып, айт, алар Мени менен сүйлөшүүгө даярданышсын.
Муса ысрайылдыктарга түшүп, мындай деди:
- Үч күндөн кийин Кудайдын үнүн угуп, Аны тоонун чокусунда булуттун ичинен көрөсүңөр. Буга даярдангыла, Теңирдин алдында таза ак кийимчен туруш үчүн кийимиңерди жуугула.
Муса ошондой эле эч ким кокусунан өлүп калбашы үчүн, тоого жакындап же ал тоого тийип албашы үчүн, аны тегерете сызып коюуну буйруган. Анткен себеби, тоо Теңирдин даңкына толуп турганда. ошол чектен өткөн малбы-жанбы өлүп калмак. Үч күндөн кийин, таңга маал эл чагылгандын чартылдаганындай катуу үндү угуп, үрөйлөрү учту. Муса аларга чатырларынан чыгып, Кудайга жүздөрүн бурууну буйруду.
Коркунучтуу көрүнүш пайда болду! Синай тоосун бардык тарабынан түтүп каптап калды, ал катуу солкулдап, титреп жатты, анткени Теңир тоонун үстүнө от ичинде түшүп келди. Чагылган чартылдап, жарк-журк этип, тоо түтөп, ал эми эл коркконунан калтырап-титиреп жатты.
Теңир Мусага мындай деди:
- Мага тоонун үстүнө чыгып кел. Муса бардык элдин алдында тоого чыкты. Кудай ага мындай деди:
- Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин. Менден башка кудайларың болбосун. Өзуңө буркан жасаба, аларга табынба, кызмат кылба. Кудай-Теңириңдин атын курулай айта бербе. Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба. Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл. Ал эми жетинчи күн – Кудай – Теңириңдин ишемби күнү. Жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла. Киши өлтүрбө. Ойноштук кылба. Уурдаба. Жакыныңа жалаа жаппа. Жакыныңдын үйүнө көз артпа.
Кудай сүйлөп бүттү, ошондо эл кубанды, анткени алар Кудайдын катуу үнүн коркуп угуп жатышкан эле. Муса тоодон түшкөндө ысрайылдыктар ага келип, мындай дешти:
- Кудайдан суран, мындан ары биз менен сүйлөшпөсүн, анткени улуу коркунуч басты бизди. Муса, Кудай сага эле сүйлөсүн, анан сен бизге айтып берип турасың.
Ошондо Муса кайрадан тоонун чокусуна күн күркүрөгөн булутка кирди да элдин өтүнүчүн Кудайга айтты:
- Алар сенин үнүңдү кайра уккандан коркуп жатышат.
Кудай:
- Менден корккондору жакшы. Мен сени менен сүйлөшөйүн, сен болсо аларга Менин сөздөрүмдү айтып тур.
Кудай Мусага тоого чыгып, Аны менен жекеме-жеке калышын буйруду. Муса ал жерде кырк күн, кырк түн болду. Ошол убакыттын ичинде эч нерсе жеген да, ичкен да жок, бирок Теңир аны тирүү сактап, ага булут ичинен сүйлөп турду.
Ыйык Китепте Кудай ысрайыл элине Өзү үчүн ыйык жай курууну буйруганы айтылат – ал аны чечип алып, бир жерден экинчи жерге көчүрүп жүрүүгө ыңгайлуу боло турган чатырдан болушу керек эле. Ал чатыр – Жыйын Чатыры деп аталды. Ыйык лоокторду - он осуят жазылган таш лоокторду сактоо үчүн алар акациядан үкөк жасаш керек болчу, анын ичи жана сырты алтын менен капталууга тийиш. Бул үкөктү келишим сандыгы деп аташты.
Ошондо Кудай Мусага эки таш лоокторду берди, ага Өзү он осуятты жазды.
Талкуулоо үчүн суроолор
5 сурооКудай сүйлөшүү үчүн тоонун чокусуна кимди чакырган?
Эмне үчүн тоону тегерете сызык чийилген?
Эмне үчүн эл Кудайдын үнүн кайра уккусу келген жок?
Муса тоонун чокусунда канча убакытка чейин болду?
Кудай Муса менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин эмне берди?