
Алтын музоо
Ыйык Китеп, Мисирден Чыгуу китеби 32, 33-бөлүмдөр
Муса Синай тоосунда Кудай менен көп күн сүйлөштүп жатты. Эл болсо анын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан эле. Мусаны күтүп жаткан ысрайылдыктардын чыдамы кетип, алар башка элдердей сыяктанып, өздөрүнүн кудайын жасоону чечишти. Анан алар Арунга барып, бизге буркан жасап бер деп кечке тажата беришкендиктен, ал акыры ошого көндү.
- Макул! — деп катуу үн менен айтты. - Мен силерге кудай жасап берем!
Ал Кудайдын осуятын бузуп жатканын билген, бирок ушунча элди көндүрүүгө батына албады. Ошентип эл берген алтынды чогултуп, аны эритип, музоо куюп берди. Анан айкелди элдин алдына орнотуп берди, ошондо элдин баары сүйүндү:
- Мына биздин кудай!
Синай тоосунан түшүп келе жатып, Муса элдин шаттанып жаткан шаңдуу үнүн укту. Ал эмне болгонун бир караганда эле билди.
- Аттигинай, күнөөкөрлөр! Кудайсыздар! — деп кыйкырды. Көзүнө жаш толо. Ысрайыл уулдары бузулуп, тирүү Кудайды таштап, куюлган музоого табынып жатышат!
Мындай өтө чоң күнөөнү көргөндө Мусанын ачуусу келип, таш лоокторду күч менен аскага катуу чапты эле, мап-майда болуп бычырап жатып калды.
Андан кийин Муса алтын музоону жок кылууну буйруду.
Силер бүгүн өтө чоң күнөө кылдыңар. Бирок мен дагы бир жолу тоого чыгып, Кудайдан силерди кечирүүсүн суранам. Балким, Кудай дагы бир жолу ырайым кылар, - деди. .
Муса кайрадан Синай тоосуна чыгып барып, Кудайдан өз элин кечирүүсүн сурады.
- Эгер аларды кечирбесең, жок кылгың келсе, анда мени да жок кыл- деп, жалынып жиберди.
- Мен күнөө кылгандарды гана жазалайм, бирок Ысрайыл элин жок кылбайм. Баргыла да, мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерди ээлегиле. Бирок мен өзүм силер менен барбайм, - деп жооп берди Кудай.
- Теңир, - деп жалбарды Муса,- эгерде Сен биз менен барбасаң, анда мен дагы ал жакка элди жетектөөнү каалабайм, анткени Сенсиз биз кыйроого учурайбыз!
– Мен сени сүйөм, Муса, – деп жооп берди Кудай, – ошондуктан мен сенин өтүнүчүңдү аткарам. Элдин күнөөсүн кечирип, сени менен убадаланган жерге барам.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Кудай Мусага жаңы таш лоокторду жасап, аларга он осуятты жазуусун айтты.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооКудай жасап бер деп ысрайыл уулдары кимге кайрылышты?
Арун кайсы жаныбардын айкелин жасап берди?
Теңир эл менен эмне кылгысы келди?
Муса тоодон түшкөндө эмне кылды?