
Чалгынчылар
Ыйык Китеп, Сандар, 13, 14-бөлүмдөр
– Бул жер, чынында эле, кереметүү жер экен, – деди Нундун уулу Жашыя.Муса аны башка он бир уруунун өкүлдөрү менен бирге убада кылынган жерге жиберген. Кырк күндүн ичинде алар ал жердин бардык булуң-бурчун кыдырып чыгышты. Ошентип, алар кайра келип, элге түшүмдүү айдоо жерлер, кең жайыт жерлер жана токойлор жөнүндө айтып беришти. Өздөрү менен кошо бир шиңгил жүзүм ала келишти. Ал ушунчалык чоң болгондуктан, аны эки киши көтөрүп жүрүүгө аргасыз болгон. Бардык чалгынчылар бир добуштан ырасташты:- Канаан – сүт менен бал аккан жер экен.Ошондо бир нерсе айткылары келип, бирок батына албай турган. Акыр-аягы, алардын арасынан бирөө мындай деди:- Муса, бул жер кандай гана сонун болбосун, биз ага ээ боло албайбыз. Ал жерде жашаган элдер өтө күчтүү экен! Андан башка чалгынга барып келгендер да ошол жердин алптары тууралуу жана шаарларды курчап турган чоң дубалдар жөнүндө айта башташты.Чогулган эл нааразылана кыйкырып жиберди. Бардыгы ачууланышып, Мусаны тилдеп жатышты, анткени алар эми мындан ары эмне кыларды билбей турушкан. Анан күтүлбөгөн жерден элдин ызы-чуусунун арасынан бирөө үнүн катуу чыгарып сүйлөй баштады. Ал жер көрүп келген, Жүйүт уруусунан чыккан Калеп болчу.- Биз аларды жеңе алабыз! – деп үн катты ал. - Мага ишенгиле! Бирок эң биринчи Кудайга ишенгиле! Ал бул жерди бизге берем деп убада кылган. Ал бизге жардам берет!Нундун уулу Жашыя Калепти колдоп:- Коён жүрөк болбогулачы! Коркунучтун көздөрү чоң болот. Эң негизгиси Кудайга каршы чыкпайлы туугандар! Катуу кыйкырыктар Жашыя менен Калептин сөзүн бөлдү. Ызаланган жана ачууланган эл аларды уккусу келген жок. Анан күтүлбөгөн жерден баары ыйык чатырдын үстүндөгү булутту көрүштү - бул Теңирдин даңкы жыйын чатырына түштү.Бир заматта эл тынчый түштү. Муса Кудайдын ысрайылдыктарга эмне айткысы келгенин билүү үчүн, ыйык жайга шашылды. - Бул элдин Мага ишеними ушунчалык аз болгондуктан, мен аларды жугуштуу оору каптатып жок кылам! – деп, Кудайдын катаал өкүм чыгарды.Муса бул жолу да Кудайдан элдин күнөөсүн кечирүүсүн суранды.- Макул, - деп жооп берди Кудай,- сен суранган үчүн Мен бул элди жок кылбайм. Бирок, Мисирде жана чөлдө Менин кереметтеримди көрүп, баары бир өздөрү каалагандай иш кыла бергендердин баары Мен убада кылган жерди көрүшпөйт. Мен аларды ал жерге киргизбейм! Эл ээн чөлдө кырк жыл жүрүп, андан кийин гана жаңы жерди ээлейт. Бул убакыттын ичинде бардык улуу муун жок болот, болгону Жашыя менен Калеп гана азыркы жаш муундун балдары менен Канаанга кире алышат.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооУбадаланган жерди ким изилдеш керек эле? Алар канча адам болгон? Алардын экөөсүнүн аты ким эле?
Канаан жеринде эмнени көрүшкөн?
Бул окуя бизди эмнеге үйрөтөт?