Жусуп кулчулукта

Жусуп кулчулукта

Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 37: 13—36 бөлүм

Бир күнү Жакып Жусупту жайытта кой-эчки жайып жүргөн агаларына жөнөтөт. Ал ага:

- Барып, баары жакшы эле экенби, билип келчи-деди.

Жусуп атасынын айтканын дайыма кубануу менен аткаргандыктан, ошол замат эшегин да, кулун да албай, кооз кийимин кийип алып атасы менен коштошуп жолго чыкты.

Жусуп бир туугандарын көпкө таппай адашып жүргөндө, бир кишиге жолугуп калат, ал алардын кайда экенин айтып берет. Жусуп бир туугандарына жакындап калганда, алар аны алыстан көрүп, бири-бирине мындай дешти:

- Мына, түш көргүч келатат; жүргүлө, аны өлтүрүп, аңга ыргыталы да, атабызга аны жырткыч жеп кетти деп коебуз. Ошондо анын түштөрү эмне болорун көрөбүз.

Бирок алардын улуусу Рубейин мындай деди:

Аны өлтүрүштүн кереги жок, кан төкпөйбүз, аны чөлдөгү чуңкурга таштап салалы.

Рубейин кийинчерээк Жусупту куткарып, атасына кайтарууну ойлогон. Ошондо алар Жусупту өлтүрбөөгө макул болушту. Жусуп качан бир туугандарына келгенде, алар аны кармап, кооз кийимин сыйрып алышты. Ошондо Жусуп алардын жаман оюн түшүндү. Ал катуу ыйлап, ага ырайым кылып, атасына кое берүүлөрүн суранды, бирок алар аны угушкан жок, анткени алардын жүрөгү таш боорлонуп, катаалданып калган болчу.

Ушинтип, алар Жусупту аңга таштап жиберишти. Ал чуңкурда бир да тамчы суу жок, чарчап, суусап, ачка жатты. Жусуп сүйүктүү атасын экинчи көрбөй каламбы деп жан-дүйнөсү абдан кыйналды!

Анын онтоп ыйлаганына көңүл бурбай, ачууланган бир туугандары тамактанууга отурушту. Анан алар бир кербенди көрүп калышты. Алар Мисирге кымбат баалуу чайыр, бальзам жана башка буюмдарды алып бара жаткан соодагерлер эле. Ошондо, бир туугандардын бири Жүйүт мындай сунуш кылды:

- Бул кербен Мисирге барат. Андан көрө, Жусупту кулчулукка сатып жибербейлиби! Ошондо биз аны өлтүрбөйбүз, анан дагы ал бизден алыс болот.

Кербен жакын келип калганда, бир туугандар соодагерлерге кайрылышты:

- Биз силерге кул саталы. Ал он жетидеги сулуу, дени сак, күчтүү жигит. Мисирде ал үчүн жакшы баа беришет, силер пайда көрөсүңөр.

Жусупту бир туугандары жип менен аңдан тартып чыгарышкандан кийин, соодагерлер аны бир сыйра карап чыгышты да, жыйырма күмүш тыйынга сатып алышты.

Өздөрүнүн кылмышын жашырыш үчүн, бир туугандар текенин канына булганган Жусуптун кийимин атасына алып келишти. Жакып анын кийимин таанып:

- Бул менин уулумдун кийими, ал жырткычка жем болгон турбайбы –деп, көп күндөр бою уулун жоктоп ыйлады. Бирок бул кайгыда аны эч нерсе жубата алган жок...

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жусуптун бир туугандары кандай жаман ойлор менен жүрүштү эле?

  2. Бир туугандардын арасынан Жусупту ким куткарууга аракет кылган?

  3. Бир туугандар Жусупка эмне кылышты?

15. Жусуп кулчулукта00:00 / 03:11