Мисирде

Мисирде

Ыйык Китеп, Башталыш, 39, 40, 41-бөлүмдөр

Көпөстөр Жусупту Мисирге алып келип, фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы Потипарга сатып жиберишти. Жусуп тез эле мисирликтердин тилин үйрөнүп алды, бардык иштеринде ийгиликке жетишип, кулдардын көзөмөлчүсү болуп дайындалды. Жусупту Кудай аны бөтөн жерде да калтырбастан, ага жардам берип жатканына Жусуп сүйүнүп жүрдү.

Өзүнүн ниети бузук аялынан айырмаланып, Потипар боорукер мырза эле. Күндөрдүн биринде Потипар үйдө жок кезде, анын эки жүздүү аялы Жусупту күнөө кылды деп айып такты. Бул үчүн ал зынданга түшүп калды, бирок Кудай аны ал жерде да калтырган жок.

Түрмөнүн башчысы Жусуптун ишенимдүү адам экенин байкап, аны туткундардын үстүнөн көзөмөлчү кылып койду. Бир жолу түн ичинде, камакта жаткан эки адамдын, башкы шарап сунуучу менен нан сунуучунун тынчын алган түш кирди.

- Эгерде түшүңөр эмнени билдирерин мага Кудай көрсөтсө, жардам берейин, - деди Жусуп. – Кана, айтып бергилечи.

Жусуп шарап сунуучу менен нан сунуучунун түшүн уккандан кийин, көпкө ойлонгон жок: анткени Кудай Өзү түштөрдүн маанисин чечмелеп берди.

Канча бир убакыт өткөндөн кийин, түрмөдөн алыс, сонун уктоочу бөлмөсү бар үйдө, дагы бир кишиге кызыктай түш кирди: ал мисирдин падышасы – фараон эле. Ал Нил дарыясынан чыгып келаткан жети уйду көрдү. Ал уйлар семиз эле жана жээкте тынч оттоп жүрүшкөн. Анан Нилден көрүнүшү начар дагы жети уй чыкты, алардын сөөктөрүн санаса болчудай арык эле. Ошол начар уйлар семиз уйларды жеп, ыркыйган бойдон калышты.

Ошондо фараон ойгонду. Бирок көп өтпөй кайра уктап, дагы бир түш көрдү. Бул жолкусунда, ал бир сабактан жети баш буудай өсүп чыкканын көрдү. Ал буудайлар бадырайган жакшынакай эле. Анан күтүлбөгөн жерден чүрүшкөн, куурап калган дагы жети баш буудай өсүп чыкты. Кийин өсүп чыккан буудайлар дандуу жети баш буудайды жеп салды. Бул түштү көрүү коркунучтуу болду.

Падышадан муздак тер кетип, кандайдыр бир түшүнүксүз тынчсыздануу менен ойгонду. Бул бир нерсени билдирген түштөр экенин билди, бирок алар эмнени билдирет?

Фараон бул жөнүндө ойлонду, бирок көргөн түшүнө ылайыктуу түшүндүрмө таба алган жок. Ошондо Мисирдин бардык акылмандарынын сарайга келүүсүн буйруду. Баары чогулгандан кийин, фараон аларга түшүн айтып берди. Бирок, эч ким анын түшүн чечмелей алган жок. Ачууланган падыша баарын кубалап чыкты. Ошондо, башкы шарап сунуучу тура калып, эки жыл мурун чогуу зынданда отурган Жусупту эстеди, анткени ал анын түшүн чечмелеп берген болчу. Бул тууралуу башкы шарап сунуучу Фараонго айтаар замат, дароо Жусупту алдыртышты.

- Түштөрдү жооруй алган сенсиңби? – деп фараон Жусуптан сурады.

- Жок, мен эмес, - деди Жусуп, - бирок Кудай мага алардын маанисин түшүнүүгө жардам берет.

Ошондо Фараон ага түшүн айтып берди.

Эки түш тең бир маанини билдирет, - деди Жусуп. – Жети семиз уй менен жети баш дандуу буудай Мисирдеги жети молчулук жылды билдирет. Ал эми кыржыйган уйлар менен чүрүшкөн жети баш буудай, бул ачарчылыктын жети жылы. Ачарчылык ушунча катуу болгондуктан, жети жылдык мол түшүмдүн баары унутулат. Ал эми бир эле маанини билдирген эки түш көргөнүң, Кудай менин айтканым чын экенин жана жакын арада аны орундатарын билдирет.

Фараон бушайман болуп калды.

- Өлкөбүзгө коркунуч туудурган бул кырсыктын алдын алган жолу жокпу?

- Бар! – деп жооп берди Жусуп. – Ачарчылык сөзсүз келет, ага даярданыш керек. Дан эгиндеринин сактагычтарына көзөмөлдөөчү кылып, бир акылдуу адамды дайындоону кеңеш кылам. Ал жети жылдын ичинде ашыкча эгинди сатып алып, атайын кампаларга сактасын. Качан кургакчылык келгенде азык-түлүк жетиштүү болот.

Бул сунуш фараонго жакты. Ал ордунан туруп, Жусупка мындай деди:

- Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок. Бүт элим сенин сөзүңдү угат. Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коём. Тактым менен гана мен сенден жогору болом.

Фараон бийлик ыйгарганынын белгиси катары колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна такты. Ошондой эле ага кымбат баалуу кийимдерди кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты. Фараон Жусупка ат араба белек кылып, анын алдынан чыккан бардык адамдар ага таазим кылышын буйруду.

Ошентип, фараон Жусупту бүткүл Мисир жерине башчы кылып койду.

Жусуп башчылыкты кабыл алгандан кийин, көп иштөөгө туура келди. Ал өлкө боюнча ири дан сактоочу кампаларды курууга буйрук берди. Ал оюн-зоок, аш-тойлорго убактысын коротпой, ар дайым элдин камын ойлогон.

Ушунчалык кереметтүү түрдө түрмөдөн бошонгону үчүн Жусуп Кудайга чексиз ыраазычылыгын билдирди. Бирок ал кымбат баалуу кийим кийип, чоң бийликке ээ болгондугу үчүн эмес, адамдарга көп жакшылык кылып, аларды ачарчылыктан сактап кала турган мүмкүнчүлүк үчүн кубанды.

Көп өтпөй Жусуп үйлөнүп, эки уулдуу болду. Ал көп учурда картайып калган атасын эстеп, качандыр бир күнү аны менен кайрадан жолугушуудан үмүтүн үзгөн жок. Ошондой эле бир туугандарын, алар жасаган жаман иштерине өкүнүштү болуш керек деп эстечү. Жусуп, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир туугандарын жек көргөн эмес. Кудай анын Мисирге кулчулукка сатылышына жол бергенин ал түшүнгөн.

Кудай болсо муну ачарчылыктан мисирликтерди гана эмес, Жакыптын бүт үй-бүлөсүн да куткаруу үчүн кылды.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жусупту бир туугандарынан сатып алган көпөстөр аны кайда алып кетишти?

  2. Жусупту кимге сатышты?

  3. Кудай Жусупка Мисирде кантип жардам берген?

16. Мисирде00:00 / 06:30