
Жусуптун түштөрү
Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 37: 1—12 бөлүм
Жакыптын он эки уулу болгон. Алар бой жетип чоңоюшту. Анын жашы жете элек бир эле баласы – Бенжемин калган. Ал төрөлүп жатканда апасы Рахел көз жумган. Рахелдин уулу Жусуп болсо Бенжеминден улуу болчу. Ал өспүрүм куракка келген, атасын аябай жакшы көрчү жана анын сөзүн дайыма аткарчу.
Жакыптын башка он уулу кой-эчкилерди кайтарышчу. Алар көп учурда атасына жакпаган туура эмес иштерди жасашчу. Жусуп алардын туура эмес иштерин көрүп, атасына айтып турчу. Жусуптун мындай кылганы алардын кыжырын келтиргендиктен, алар ага орой жана терс мамиле кылышчу. Жакып да Жусупту башка балдарына караганда көбүрөөк сүйүп, улуу уулдарына карата адилетсиздик кылды. Бул аларда жек көрүүнү жана көрө албастыкты пайда кылган.
Бир күнү Жакып Жусупка укмуштуудай кооз, түстүү кийим тиктирип берди. Мындай кийим буга чейин уулдарынын биринде да болгон эмес. Бул бир туугандарда ого бетер көрө албастыкты жаратты.
Кээде Жусуп өзгөчө түштөрдү көрчү. Бир күнү, түшүндө ал бир туугандары менен талаанын ортосунда буудай боолап жүрүптүр. Бир маалда, байкелеринин байланган боолору, анын боосуна жүгүнүп таазим этишти. Жусуп бул түшкө абдан таң калып, бир туугандарына айтып берди.
Алар абдан ачууланып:
- Чын эле биз сага баш ийип калабыз деп ойлойсуңбу?, -дешти.
Жусуп дагы башка түш көрдү. Түшүндө күн менен ай жана он бир жылдыз ага таазим кылып жатыптыр. Бул түш аны ого бетер таң калтырды. Ал түшүн атасы менен бир туугандарына айтып берди.
Атасы аны урушуп, мындай деди:
- Сен, чын эле күндү- мен деп, айды – апаң деп, он бир жылдызды - сенин бир туугандарың деп, анан баарыбыз сага келип, таазим кылабыз деп ойлойсуңбу?
Бирок, Жакып бул түштү эсине сактап калды. Бир туугандары болсо Жусупту ого бетер жек көрүп, ага ичтери күйдү:
– Жусуп текеберленип, өзүн ким деп эсептеп алган. Биз ага дагы көрсөтөбүз! – дешти алар
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЖакыптын канча уулу болгон?
Жакып Жусупту сүймөнчүгү кылганы туурабы?
Эмнеге Жусуптун түштөрү бир туугандарынын ачуусун келтирди?