Жакыптын Эйсап менен жолугушуусу

Жакыптын Эйсап менен жолугушуусу

Ыйык Китеп, Башталыш, 32, 33, 35: 1—7 бөлүмдөр

Узак жолдо, Кудай Ыбрайымга жана анын урпактарына мурас кылган жерге бара жатабыз деп бардыгы кубанып жатышты. Бирок бир нерсе Жакыптын жүрөгүн өйкөп жатты, Эйсап аны кандай кабыл алат? Ал аны мурда өлтүрөм дегени эсинде эле, ошондуктан балдарым менен кошо өлтүрүп салабы деп тынчсызданды.

Качан Жакып, агасы Эйсап төрт жүз кишини чогултуп, алдынан тосуп чыкканын укканда, жүрөгү солк эте түштү. Эми эмне кылуу керек? Эгер Эйсап жаман ой менен келе жатса, анда Жакып өлдү дей бер. Ал ушунча көп малдары, аялдары жана балдары менен кача алмак эмес. Ал эми коргонууга кишиси жетишсиз болчу.

Биринчиден, ал малын экиге бөлүп, жарымын алдыга айдап жиберди.

«Эгерде Эйсап аларга кол салса, анда анын мага дагы деле ачуусу бар экенин билем. Ошондо, жок дегенде экинчи бөлүгү качып кутула алат», - деп уулдарына түшүндүрдү.

Жакып өзү биринчи жарым бөлүк менен алдыга түштү.

Кеч киргенде, ал стандан бир аз алыс барып, сыйынды:

- Теңирим, Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа мен татыксызмын. Суранам, мени жана үй-бүлөмдү Эйсаптын колунан куткара көр, анткени Сен мени коргойм дегенсиң жана ушул жерди урпактарыма убадалагансың.

Эртеси эртең менен Жакып кулдарына отуз төө жетелетип агасына жөнөттү. Алар кеткенден кийин, эки жүз кой менен кийинки кулдарын жөнөттү. Бир аздан кийин алардын артынан үйүр-үйүр эчкилер, уйлар жана эшектер бири-биринен бир нече аралыкта жөнөтүлдү. Бул мал белекке арналган болчу. «Белек артынан белек алган Эйсап жолукканда мага ачууланбастыр», - деп ойлоду Жакып.

Ошентип, ал бардык элчилерин Эйсапка белек-бечкектер менен жөнөтүп жиберди, бирок Эйсап дагы деле көрүнбөдү.

Кеч кирип, баары уктаганга камданышты. Түн ортосунда Жакып ордунан туруп, үй-бүлөсүн жана үйүрүн өрөөндүн түбүн бойлой аккан кичинекей суудан өткөрдү. Ал эми өзү суунун берки өйүзүндө калды. Анан күтүлбөгөн жерден Бирөө пайда болуп, аны менен күрөшө баштады. Бул Кимдир Бирөө адам кейпиндеги Кудайдын Периштеси болчу. Алар көпкө кармашышты, Жакып бүт күчү менен такаат берип жатты. Анан Ошол Бирөө Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны жамбашка бир чаап жиберди. Жакып күрөштү уланта албай калса да, Аны катуу кармап кое бербей койду.

- Коё бер Мени, – деди анын каршылашы, – таң атып калды.

Бирок Жакып аны коё берген жок.

- Мага батаңды бермейинче, кое бермеймин.

- Атың ким? – деп сурады Ал.

- Жакып.

- Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен кармаштың, эми сен адамдарды да жеңип чыга аласың.

- Мага да атыңды айт, - деп сурады Жакып, бирок Ал жооп берген жок.

Ошондо Жакып, адам менен эмес Кудай менен алышканын түшүндү. Кудай болсо Жакыпка батасын берди.

Чыгыш тараптан күн чыкканда Ал көздөн кайым болду. Жакып акырын ордунан туруп, тайыз сууну кечип өттү. Анын жамбаш тарамышы ооруп калгандыктан аксап баратты.

Көп өтпөй Жакып малдары менен үй-бүлөсүн кууп жетти. Анан алыска көз чаптырып, аларды көздөй келе жаткан кишилерди көрдү. Бул кулдары менен келе жаткан Эйсап эле.

Жакып, жүрөгү дирилдеп коркуп турса да, алардын алдына өтүп, баш ийүүчүлүктүн белгиси катары жети жолу жерге жете таазим кылды. Бирок Эйсап ага чуркап келип, аны мойнунан кучактап өпкүлөп, мындай деди:

- Жакып, сени кайрадан көргөнүмө кандай кубанычтамын!

Жакыптын жүрөгү ылдыйлай түштү – анткени Эйсаптын ага болгон ачуусу тараган эле! Жакып бир тууганынын жүрөгү жумшарганын көрүп, аябай кубанды! Жакып Эйсаптын жүрөгүн жибитишин Кудайдан суранган, Теңир анын үнүн укту. Ошентип, алар экөө тең сүйүнгөндүктөн ыйлап жиберишти.

Эйсап Рахелди, Леяны жана алардын балдарын көрүп:

- Буларың ким? -деп сурады.

Жакып жооп кайтарып:

- Булар, Теңир мага белек кылып берген, балдарым.

Ошондо Рахел, Лея, Жакыптын күңдөрү жана балдары Эйсапка таазим кылышты.

Ошондо Эйсап:

- Жолдон көргөн көп сандаган койлорду, уйларды, эчкилерди эмне үчүн мага жибердиң? Менин малым ансыз да көп, буларыңды өзүңө калтыр.

Жакып Эйсаптан суранды:

- Белегимди кабыл ал, анткени Кудай мага мол батасын берди, менде баары бар.

Жакып Эйсапты эптеп көндүрдү, ошондо ал анын белектерин кабыл алды. Эйсап бир тууганына мындай деди:

- Жүрү, мени менен менин жашаган жериме баралы.

Бирок Жакып мындай деп жооп берди:

- Мен тез бара албайм: балдарым чарчады, ал эми козу-улактарымды күнү бою эс алдырбай айдасам өлүп калат.

Ушуну айтып, Жакып агасы менен чогуу барганга макул болгон жок. Эйсап болсо Канаан жеринен алыс жайгашкан үйүнө кайтып кетти. Жакып Иорданды кечип өтүп, Шекем шаарына жакын Канаан жерине отурукташып калды. Ал чатырларын тигип, курмандык чалынуучу жай куруп, Кудай-Теңирге таазим кылды.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жакып үйүнө кайтып келе жатканда эмнеден корккон?

  2. Бир туугандардын жолугушуусу кандай өттү?

  3. Жакыпка кандай жаңы ысым берилген?

13. Жакыптын Эйсап менен жолугушуусу00:00 / 06:12