
Жакып бөтөн жерде
Ыйык Китеп, Башталыш, 29, 30, 31: 1—12 бөлүмдөр
Жакып акыры туугандары жашаган жерге жетти. Ошол жактагы койчулардан Лабанды тааныйсыңарбы деп сурады?
— Тааныйбыз, — деп жооп беришти чабандар. – Тетиги кызды көрүп жатасыңбы, чоң короо койлорду айдап келе жаткан? Ал Лабандын кичүү кызы Рахел.
Ошентип, Жакып өзүнүн көздөгөн жерине жеткенине ынанды. Акырын Кудайга ыраазычылыгын айтып, Рахелдин койлорун сугарганга жардам берди. Ал абдан сулуу болчу, Жакып муну дароо байкады. Бирок ал ага ким экенин али айта элек эле.
- Мага эмнеге жардам берип жатасың? — деп сурады Рахел.
- Көп жыл мурун, сенин эжең Ребека Ханаанга турмушка чыгыш үчүн, бул жерден кеткен, - деп жооп берди Жакып.
- Билем, — деди Рахел, — бул тууралуу мага атам Лабан айтып берген. А сен кимсиң?
- Мен Жакыпмын, Ребеканын уулумун.
- Демек, сен менин жээним турбайсыңбы! – Рахел сүйүнүп кетти.
- Бизге кош келиңиз!
Жакып жөнүндө уккан Лабан кубанып, анын алдынан чуркап чыкты.
- Кел, үйгө кир, коногум бол!
Лабандын үйү чоң кубанычка толду. Майрамдык дасторкондун үстүндө, Жакып аларга атасы картайып, көзү начарлап калганын, апасы Ребеканын дени сак экенин; ал эми өзү эки эгиз бир туугандын кичүүсү экенин; жана атасынын батасын алып, мураскор болгондугу тууралуу айтып берип жатты.
- Айтчы мага, - деди Лабан - Жакып атаң, сапарыңа өз макулдугун берди беле?
- Ал мени өзү жиберди! – деп жооп берди Жакып. - Мен бул жерден өзүмө аял табышым керек.
Жакып Рахелди сүйүп калган эле жана ага үйлөнүүнү кыялданды. Ошентип, ал Лабандын үйүндө калып, аныкында бир ай иштеди. Анан, бир күнү Лабан Жакыпка келип, кылган кызматы үчүн, ал кандай сыйлык алгысы келерин сурады. Жакып бул жөнүндө мурунтан эле ойлонуп жүрчү.
Сиз билгендей, эгер үйлөнгүң келсе, кыздын атасына калың бериш керек. Мен Рахелге үйлөнгүм келет. Ал үчүн жети жыл кызмат кылып берейин, бул менин Рахел үчүн калыңым болсун, сиз буга макул болосузбу?
Лабан жылмайып башын ийкеди.
-Албетте, кызымды башка бирөөгө бергенче, сага бергеним жакшы.
Ошентип, Жакып Лабандыкында жети жыл кызмат кылды. Убакыт зымырап учуп, көптөн күткөн күн да келди. Бирок үлпөт тойдо салтка ылайык, болочок келиндин бети жеңил тор менен жабылган болчу. Эртеси күнү эртең менен гана келиндин бетин Жакып көрдү. Качан ал жеңил торду чечкенде, Жакып чочуп кетти: ал үйлөнгөн кыз Рахел эмес эле, анын эжеси Лея болуп чыкты!
Ал Лабанга жөнөдү.
- Бул эмне кылганың?! - деп ачууланды Жакып. - Мен жети жыл бою Лея үчүн эмес, Рахел үчүн иштегем! Сен мени алдадың!
- Билесиңби, биздин жерде улуусунан мурда кичүүсүн турмушка бербейт.
Ошондо Жакып жерге чөгөлөп ыйлап жиберди. Алданып калуу кандай экенин ал эми гана түшүндү. Лабан Рахелди, да ага аялдыкка берерин айтты, бирок ал дагы жети жыл иштеши керек эле.
Ал убакта бир киши бир нече аял ала беришчү, ошондуктан Жакып бул сунушка макул болду. Бир жумадан кийин, айла-амалкердиги жок, дагы бир үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Жакып эми сүйгөнү Рахелди аялдыкка алды.
Жакып дагы жети жыл кайнатасынын колунда иштеди. Белгиленген убакыт өтсө да, ал Лабандыкында иштей берди. Эми ал калың төгүш үчүн иштебей, көп сандаган уй, кой, эчкилердин ээси болуп калды. Жылдын аягында анын малы Лабандыкына караганда көбүрөөк болду. Мындан тышкары, анын он эки баласы бар эле: он бир уул жана бир кыз. Ал бардыгына ыраазы болду: Кудай аны менен болуп, ага батасын берди. Бирок Жакып көп өтпөй Лабан менен анын уулдары анын байлыгына көз артып жатканын байкады.
Ошондо, Кудай Жакыпка ата-бабаларынын жерине, өзүнүн үй-бүлөсүнө баруусун буйурду.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЖакып менен Рахел кантип таанышышты?
Лабан Жакыпты кантип алдады?
Эмне үчүн Лабандын уулдары Жакыпка болгон көз карашын өзгөртүшкөн?